Палестина маселеси боюнча мурда түзүлгөн квартет - Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги, АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү ишемби күнү телефон аркылуу конференция өткөрүп, Махмуд Аббас түзгөн жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашты. Ошол эле күнү Рамалла шаарында Аббас менен АКШ консулу Жейкоб Уоллес жолугуп, мурда Палестина өкмөтүнө каршы жарыяланган чектөөлөр жакын арада алып салынат деп билдирди.
Ал чектөөлөр - 2006-жылдын январында Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыккандан кийин киргизилген жана бир жарым жыл ичинде автономия каражат жагынан кыйналып келген. 10-июнда болсо ФАТХ менен ХАМАСтын коопсуздук кызматтары ортосунда кагылышуулар чыккандыктан, кеңири толкундоолор башталып, жумага караган түнү ХАМАСтын жоокерлери Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алган.
Аббас болсо 14-июнда Газа тилкесинде өзгөчө тартип киргизип, жаңы өкмөт түзүү жөнүндө буйрук чыгарды жана анын ишке киришиши үчүн парламенттин макулдугунун кереги жок деген буйрукка дагы кол койду. Ал эми ХАМАС андай кадамды конституцияны бузгандык деп баалап, төраганы - өз буйругун жокко чыгарууга чакырды.
Алардын айтымында, ФАТХтын коопсуздук кызматтарынын айрым жетекчилери Израил менен кызматташып, ага Палестина саясатчыларын кармап берип келген жана ХАМАС жөн гана андай аракеттерди токтотуп, тартип орнотууну көздөгөн. Төрага Аббас болсо андай билдирүүлөргө жооп берген жок.
АКШнын мурдагы вице-президенти Алберт Гордун кеңешчиси болуп иштеген Леон Фүрттүн айтымында, экиге бөлүнгөн Палестина, мүмкүн, мурдагы абалга караганда жакшы: "Мүмкүн, мындай жаңы абал Израилге - Йордандын батыш жээгиндеги аймактар боюнча келишимге келүүгү мүмкүнчүлүк түзөт. Жана АКШ дагы мурдагы 'Жол картасы' деген планды кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Так айтыш азырынча эрте, бирок түзүлгөн абал жаңы мүмкүнчүлүк түзгөн жокпу деген суроо пайда болууда", - дейт Фүрт.
АКШнын Тынчтык институтунун эксперти Скотт Ласенски андай пикир менен макул эмес: "Мындай абалды кантип жакшы деп атаса болмок эле? Палестина коому бүлүндүгө учурады, ага 40 жылга уланган израилдик оккупация кошулганда, эми аймакта араб жана жөөт эки мамлекетин түзүү чечимин кантип күтсө болот? Эгер сиз Палестинадагы саясатты мындан ары бүлүндүрүп, аларды көрүнгөн жакка таратып жиберели десеңер, эки мамлекет түзүү максатынан алыс алып кетүү жолуна түшсөңөр, анда, албетте, андай иштерди уланта бергиле", - дейт Ласенски.
Анын айтымында, жагдайды Квартет андайга жеткирбеш керек. Анткен менен эгер Батыш жээк өз алдынча өнүгүп, ФАТХ партиясы анын тургундарынын турмушун жакшырта алса, келечекте абал бир кыйла өзгөрүшү мүмкүн.