Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

ОРУСИЯ ЖАШТАРЫ ЖАНА САЯСАТ: НАГЫЗ ОРУСИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮК ЭМНЕДЕ?


Кошоева Назгүл, Прага Адистердин айтымында, Орусияда деле Кыргызстандагыга окшош кырдаал өкүм сүрүүдө: жаштардын бир даары саясатка жан дили менен кызыкса, көпчүлүгү саясий турмуш менен иши жок күн кечирип келет. Жакында стажер кабарчыбыз Назгүл Кошоева Орусиядагы таасирдүү саясий уюмдардын бири “Яблоконун” Маскөөдөгү жаштар уюмунун координатору Александр Гнездилов менен дал ушул темада баарлашкан эле.

-Cиздин оюңузча, Орусиядагы жаштардын бир даары эмне үчүн саясатка таптакыр кызыкпай жатышат?

- Менимче, мындай кырдаал мыйзамченемдүү жана обьективдүү. Биринчиден, ал азыркы тапта маалымат каражаттарыбыз сунуш кылган маалымат жагдайы менен байланыштуу. Өлкөбүздөгү ири маалымат каражаттары саясатты чагылдырууга ушунчалык аз көңүл бөлүүдө. Экинчиден, бизде калайык өз көйгөйлөрүн саясий ыкмадан башка жолдор менен чечүүнү эп көрүшөт. Батышта, маселен, Францияны алсак, эгерде анда жаштарга байланыштуу мыйзам улан-кыздарга жакпай калса, алар нааразылык билдирип көчөгө чыгат эжана башка саясий усулдарды колдонушат. Бизде болсо мыйзамдуу жол менен күрөшүүдөн көрө, пара берип же тааныштарын ортого салып, өз маселесин чечүүгө умтулушат. Бул – нагыз орусиялык өзгөчөлүк. Анын үстүнө, Орусияда жаштардын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого далаалат кылган коомдук уюмдардын саны өтө аз. Ошого карабастан, менин оюмча, Орусияда аздыр-көптүр болсо да, жаштар саясатына катышып, өз жеке керт башынын мансапкордук же каржылык кызыкчылыктарында эмес, нагыз ишеними менен сайсий ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бир кыйла адамдар бар.

-Айтмакчы, эмне үчүн “НАШИ” деген уюм Орусияда ушунчалык популярдуу?

- Биринчиден, “Наши” уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө жаштардын арасында өтө жигердүү үгүт жүргүзүлүп жатат. Экинчиден, жаштардын олуттуу бир бөлүгү “Наши” уюмуна өздөрү кабылышкан, же болбосо, бул уюмга тийешеси бар кишилерге учурашкан. Башкача айтканда, “сарафан радиосу” деген жагдай түзүлгөн: бул уюм аркылуу Маскөөгө чейин жетип, кандайдыр-бир жыргалчылыкка жетишүүгө болоорун калайык абдан эле мыкты туюп калды. Ошондуктан бул кыймылды колдоо үчүн бир топ кишилердин жекече дымагы бар. Албетте, мамлекеттик машинанын үгүтү тууралуу да айтпай койо албайбыз.

-Эми, Сиздин оюңузча, өкмөтчүл уюмду жаштар колдоп жатканы үчүн маалымат каражаттары гана күнөөлүүбү?

- Эгерде ушул уюмга кирүүгө чечим жасагандардын саясий кызыкчылыктарына көз жүгүртсөк, албетте, алардын мындай тандоосу үчүн маалымат каражаттарынын орчундуу ролу болду десек болот. Анан калса, сыналгыда жакшы сапаттарга ээ деп көрсөтүлгөн уюмдар жакшы атка жетсе, ал эми начар сыпатталган уюмдар жаманаттыга калган уюм көрүнүп жатат. Бул жагдай башкы ролду ойноп калып жатат.

-Ал эми Сиздин жеке өзүңүздүн Кремлге каяша кылган “Яблоко” уюмун тандооңузга эмне жагдай таасир кылды?

- Менин тандоомо таасир тийгизген жагдай ушул болду: мен саясий партияны тандап жаткан чагымда, саясатка кызыга баштаган кезеңде, саясатчылар өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу эмне деп айтып, кандай жолдорду сунуш кылганына кызыктым. Саясатчылардын бир даары чындыкка төп келбегендей баасын айтып жатты. Башка бир бөлүгү болсо өлкөнү өнүктүрүүнүн таптакыр жөнсүз жолун сунуш кылып жатты. “Яблоко” уюму менен Явлинский мырза, менимче, Орусиядагы саясий кырдаалды таамай чагылдырып, кырдаалдан чыгуунун сабаттуу жолун сунуштап жатышты.

XS
SM
MD
LG