Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:58

ЛУГОВОЙДУН БИЛДИРҮҮСҮНӨН СОҢ ФСБ КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ


Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын тергөө башкармасы Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар деп британиялык прокуратура айыптап аткан орусиялык ишкер Андрей Луговойдун жасаган билдирүүсүнөн кийин кылмыш ишин козгоду. Москвада өткөргөн маалымдоо жыйынында Луговой кылмыш британиялык атайын кызматтагылардын көз салуусу астында жасалышы мүмкүн жана ал өлүмгө Литвиненко менен Березовскийдин чекилешүүсү себепкер болгон деген. Ошондой эле Луговой аны Улуу Британиянын атайын кызматы жалдоого аракет жасаганын да билдирген.

Маркум Александр Литвиненконун сырдуу өлүмүнүн чуусу дагы бир баскычка көтөрүлдү. Лондон колума салып бер деп Луговойду талап кылып ага Маскөө көнбөй келатат. Ошол себептен G-8 саммитинде премьер Тони Блэр андай талапты колдой тургандыгын президент Владимир Путинге айткан.

Батыштын басылмалары таркаткан маалыматтарда Англия дагы бир сунушу менен – Луговойду үчүнчү өлкөдө соттоо боюнча - Орусияга кайрылган. Ага орусиялык Коомдук палата «жок!» деп бийликтин анынан жооп айткан.

Ал эми британиялык гезиттер жазганга караганда былтыр 1-ноябрде Millenium конок үйүндө өткөн жолугушууда «радиоактивдүү затын даярдоо Луговой жашап аткан 441- бөлмөдө ишке ашкан. Аны чай менен чабыштырган чайнекте ошондой эле Литвиненко чай ичкен чыныдан кийин полоний-210 уусу табылган».

Улуу Британиянын мыйзам арибине ылайык Луговойду соттоо өлкөнүн чегинде өтүүгө тийиш. Ошол себептүү азырынча шектүү делип аткан ишкерди Лондон чыгарып ала албай атат. Башкы прокуратура жакында «Орусиялык Баш мыйзам ага уруксат бербейт» деп жооп айткан. Анализчилер болсо Кремл түпкүлүгү Луговойго азыр бозгунда жүргөн путиндик бийликти сынга алаган Березовский менен Закаевди карматып алуу болуп атат дешет.

Ишкер Луговой тирешүү ачыкка чыккандан кийин Маскөөдө 31-май күнү журналисттер менен жолугушту:

«Мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептебеймин. Кайра жабыр тарткан мен болдум. Лондондо мага жана менин үй-бүлөмө радиоактивдүү зат менен кол салуу болду», - деди ал жерде.

Андан аркы кебинде «британиялык атайын кызматы Александр Литвиненко менен Борис Березовскийди өзүнө тыңчылыкка көндүрүп алган» деп айткан. Англиялык бийлик болсо алардын атайын кызматка эч тийешеси жок экендигин билдирген.

Лондондо бозгунда жүргөн олигарх Березовский мунун баары путиндик режим ойлоп тапкан акыл деп белгилейт:

«Бул чындыгында Луговойдун жарыясы эмес. Бул Кремлдин жарыясы. Бул бийликтин азыркы кылмышты иликтөөдө ушундай жолго түшкөнүн билдирип турат», - деген.

Кызык жери, Улуу Британияга качып барып, саясий баш паана таап, жашап атып уулантылып өлтүрүлгөн Александр Литвиненко сыңары кылмышка тийешеси бар деп аткан Андрей Луговой мурда ФСБда иштеген.
15-июнда Луговой «Комсомольская правдага» берген маегинде орусиялык саясий төбөлдөрдү Березовскийден коркууга чакырган. Ошол эле жерде Касьянов менен Лимоновдун ысымдарын атап, эмики кезек ошолордуку деп кыйыткан.

Маскөөдө Савелёв райондук соту «Аэрофлот» компаниясынын акча каражатын качандыр чайкатып 214 милион рублей жеген деген кине менен Березовскийдин үстүнөн кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG