Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

ИСХАК МАСАЛИЕВ: ЭНЕРГЕТИКАНЫ МЕНЧИККЕ ӨТКӨРҮҮГӨ КАРШЫМЫН


Жогорку Кеңеш Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦин мамлекеттик башкаруудан чыгаруу жөнүндөгү мыйзамга добуш берип, аны 43 макул, 2 каршы жана бир калыс добуш менен кабыл алды. Талкуулардын жана добуш берүүнүн учурунда оппозициячыл депутаттар тобу залдан чыгып кетип добуш берүүгө катышпай коюшту. Депутаттар Айдарбек Керимкулов менен Исхак Масалиев каршы добуш беришти. Исхак Масалиев бул маселе боюнча өзүнүн көз карашын “Азаттык” менен болгон маегинде айтып берди.

- Мыйзам долбооруна эмне себептен каршы добуш бердиңиз?

- Мен башынан эле каршы болгом бул мыйзамга. Менин пикирим боюнча ушундай тармактарды, энергетиканы менчикке өткөрүүнү токтотушубуз керек. Бул биздин Кыргызстан коммунисттер партиясынын программасынын негизги максаттарынын бири. Экинчиден, мен айта албайм, түзмө-түз сатылып кетет деп. Бирок бизде жакшы эмес тажрыйба бар, эгерде биз мүмкүнчүлүк берсек, кайсы бир уставдык фондго койсок, башка жол менен өтүп кеткенге шарт түзүлүп калат. Ошондуктан мен каршы болуп атам.

- Мыйзам боюнча суу ресурстарын Кыргызстандын өкмөтү башкарат деп жазылган экен. Ошону менен бирге эле энергетика жана отун ресурстары министри Игорь Чудинов өлкө электр энергиянын сатылышына көзөмөл кылат деп сөз берди. Мыйзамда ошондой механизмдер чын эле каралганбы, же сиз андан күмөн санайсызбы?

- Механизмдер жакшынакай эле жазылган, муну жок деп айта албайм. Бирок жакында эле “Кристалл” деген акционердик коом менчикке өтүп кетпедиби. Ал акционердик коом карыз эмес болчу, министрлик карыз болчу. Бирок соттун чечими менен министрликтин карызын акционердик коомдун акциясына айландырып, сатып алышкан. Ошондой жолдор болушу мүмкүн деп мен коркуп атам. Экинчиден, мен ойлоп атам, бүгүнкү күндө өкмөт бир топ, бир күч эмес. Ар бир министр өзүнчө, биримдик жок менин билишим боюнча. Ошондуктан бул өкмөткө ушул курамы менен толугу менен тапшырууга болбойт, бүгүнкү күндө ишеним жок. Эгерде келерки парламенттин жарымынан көбү партиялык тизме менен шайланса, ал партиянын өкүлдөрү өкмөткө кирсе, анда бул команда бир багытта иштемек, максаты да бир болмок.

- Коммунисттер партиясы энергитика, тактап айтканда, Камбарата ГЭСтерин куруу жана ишке киргизүү маселесинде кандай позицияны карманат?

- Биз ойлоп атабыз, бул өкмөттүн аракети менен ГЭС сөзсүз курулуш керек. Бирок курулуш жолу сөзсүз менчикке өтүшүнө шарт түзүүгө каршы болуп турабыз. Бул өкмөт бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо кийинки жылы жолун таап туруп курулушка өтүшүбүз керек. Рынок экономиканы мен түшүнүп турам. Бизге айтып атпайбы, эгер бошотпосоңор инвестор келбейт деп. Менин түшүнүгүм боюнча инвестор кайсы жерде пайда болсо ошол жакка барат. Эмне себептен Минскиде мамлекет менен чогуу инвестиция жүрүп атат, эмне себептен Кытайда мамлекет менен аралашып инвестиция келип ушундай эле мекемелер курулуп атат? Ошондуктан жолдору бар, аракет кылып иштесе болот эле. Мисалы, Кытайда дүйнөдөгү эң чоң ГЭСти 25 жыл эсеп-кысап кылып, анан курууга киришкен. Биз шашып кетсек болбойт.

- Сиздин оюңузча, эгер бул мыйзамды кийин кайра карап ага оңдоолорду киргизип, кандайдыр бир жол менен Кыргызстандын ГЭСтерди куруудагы жана кийин пайдалануудагы таасирин көбөйтүүгө жол болобу?

- Сөзсүз болот. Аны курулуш башталгандан кийин буга кайтып келсек болот. Эгерде ошол мезгилде кандайдыр бир коркунучтар пайда болсо, сөзсүз парламент ушул маселеге кайтып келип караса болот.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG