Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

ЕВРОСОЮЗДАГЫ САЯСИЙ КРИЗИС БҮГҮН ЧЕЧИЛЕТ ЖЕ ТЕРЕҢДЕЙТ


Брюсселде Евросоюзга кирген өлкөлөрдүн лидерлери жаңы келишим долбоорундагы түйүндүү жоболорду талкуулап жатышат. Документ мурда даярдалып, Франция менен Нидерландияда элдик референдумда өтпөй калган конституциянын ордуна сунуш кылынган. Жаңы долбоордун негизги жоболору да олуттуу пикир келишпестиктерди пайда кылды. Жыйындын биринчи күнү лидерлер талаштуу маселелерде мунасалуу чечим таба алышкан жок. Бүгүнкү талкуулар да жеңил-желпи болбойт деп жатышат.

Биринчи күндөгү талкуулардын жыйынтыктарын маалымдап, союзга ушу тушта төрагалык кылып жаткан Германиянын бундесканцлери Ангела Меркель жаңы долбоордун негизги жоболорун макулдашуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди жасоо керектигин лидерлер кеңири колдошконун,бирок кечээ бир жаңсыл пикирге келе алышпаганын ырастады. Меркель бүгүнкү талкуулар да жеңил-желпи болбой турганын эскертти. Евросоюздун тышкы саясатын тескеген Хавер Солана кантсе да орток пикир табыларына үмүтү чоң экенин айтып, ар бир тарап кечээ өтө конструктивдүү болгонун, бүгүн алар бир келишимге келерине ишенерин билдирди.

Жаңы долбоордо негизинен эки маселе араз чыгарды. Биринчиси – союздун чечимдерин кабыл алуудагы добуш берүү системасы. Германия долбоордо “эки эсе көпчүлүк” принцибин сунуш кылган. Ага ылайык союздун 27 мүчөсүнүн 55 проценти жана калктын 65 проценти колдогон чечим мыйзамдуу деп табылат. Мындай ыкмада, немец өкмөтүнүн эсебинде, шаркеттин Британия, Германия жана Франция сыяктуу үлкөн үч мүчөсү союздун чечимдерин жыдытып сала албай калат, демек, бу маселеде теңчилик түзүлөт. Бирок башка бир өлкөлөр,өзгөчө Польша буга каршы болуп, 82 миллион калкы бар Германия баары бир артыкчылыкка ээ болуп каларын айтышууда.

Польшанын калкы немецтерден эки эсе аз. Ошондуктан премьер-министр Ярослав Качиньский дүйнөлүк экинчи согуш маалында Польша тарткан демографиялык чыгымды эске алууну талап кылды. Эгер Гитлер согуш ачпаганда, поляктар азыр 38 миллион эмес, 66 миллион болмок, дейт Качиньский.

Польшалык премьердин мындай сунушун Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен “болбогон жүйөө” деп атады. Франция болсо союздун алты чоң өлкөсүнө, анын ичинде Польшага калган бардык мүчөлөрдүн чечимин жаратпай салганга мүмкүндүк бере турган система сунуш кылды.

Экинчи чоң проблема – союздук органдардын бийлик укуктарын кеңейтүүгө байланышкан маселе. Бир катар өлкөлөр Евросоюздун орток бийлик органы, орток сот системасы, бир гимни жана бир желеги болушун дале эп көрүшпөйт. Бул идеяга айрыкча Британия менен Франция активдүү каршы чыгууда.

Бийликтен кетип жаткан премьер-министр Тони Блэр британ мыйзамдарын, сот системасын,тышкы саясатын өзгөрткөнгө Лондон өкмөтү эгерим макул болбой турганын кайрадан бышыктады. Француз президенти Николя Саркозинин позициясы да ушуга жакын дешет. Анын Европарламенттеги саясий бир санаалашы Франция тышкы саясатта союздун өлкөлөрү менен тыгыз кызматташ болгусу келерин,бирок француздар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын жалпыевропалык кызыкчылыктарга эч качан айырбаштабай турганын белгиледи.

Саммитте бүгүн лидерлер жаңы келишимдин базалык жоболору боюнча орток пикирге келишсе, анда өкмөттөр аралык конференция чакырылат жана евроконституциянын ордуна жаңы келишим иштелип чыгат. Бирок ал мурдагыдай элдик референдумга чыгарлбайт. Кокус бүгүн жыйын натыйжасыз аяктаса,анда Евросоюздагы саясий кризис дагы тереңдейт.

Cүрөттө: Германиянын бундесканцлери Ангела Меркель менен Польшанын президенти Лех Качиньский.

XS
SM
MD
LG