Закир Абдазовдун талапкерлигине каршы добуш бере тургандыгын депутат Өмүрбек Текебаев кесиптештеринин алдында жарыя кылды. «Атамекен» социалисттик партия лидерин шайлоодон четтетип салууга нааразы болгон көпчүлүктүн көшөрүп жол тосуулары болбосо сот чечими өзгөрүүсү калмак, дейт Закир Абдазов.
- Берки атаандашы алып келгенден мен аны депутаттык талапкерликтен алгамын. Кийин эл нааразылык кылып көчөгө чыккандан кийин мен ишти Жогорку сотко алып барып бергемин. Мен эч кандай Анжиян, Наманганга качканым жок. Ал жакта туугандарым жок. Чечимди ар дайым колдойм, ал мыйзамдуу.
Толкуган көпчүлүктү жайгаруу үчүн а кездеги президент А.Акаевден тарта жергиликтүү бийлик жетекчилерине дейре кандай иш-аракеттерди жасашканын депутат Дооронбек Садырбаев мындайча эскерет.
- Төрт жерден тоскон экен. «Мына мен А.Акаев менен сүйлөштүм. Бошотуп бергиле. Эми силер тезирээк чечип бергиле», десек, эртеси күнү Жалалабаттан издеттик. Анан Н.Бейшеналиевага чыктык: «Эй, таппай жатабыз жанагыны. Өзүңөрчө эле чечип койбойсуңарбы”, алтынчы күн да келип калды. Бүрсүгүнү шайлоо болуп жатат. Бул судья жок. Документтерди алып ал ошол күнү жеткириши керек болчу. Аны алып жүрүп эки күн Анжиянда арак ичип жүрүптүр бул.
Талас шаардык сотунун төрагалык кызматынан ошол эле Базаркоргон районуна кызматка которулуп жаткан Кадыралы Жапакбаевдин ишине алымсынбаганын парламент депутаты Камчыбек Ташиев билдирди.
- Мага ишене турган болсоңуздар, бул кишинин чындыгы, бул кишинин бүгүнкү күндөгү кылган иши эртең бара турган соттук орунга татыктуу эмес. Бул кишини колдобошуңарды мен силерден суранамын.
Ал эми Кадыралы мырза соттордун дайындалышына парламент мүчөлөрүнөн макулдук алууну туура эмес деп эсептейт. Анын ырасташынча, бул бийликтин бир бутагынын өз алдынчалыгына шек келтирет. Буга кошумча, депутат шайлоонун кызуу талаш, чоң чатагын сотторго оодарып коюунун салакасы дайындалууга макулдук сурап келгенде тийбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Депутаттарды тийиштүү комиссиялар, областта болобу, республикада болобу, өздөрү чечсе жакшы болмок.
Сотторду дайындоонун укуктук жөрөлгөлөрү так аныкталбай, кызматка тандоонун эреже, чен-өлчөмдөрү мыйзам негизинде ырасталбай келатышы артынан толгон-токой суроолорду, талаштарды жаратарын парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков да билдирди.
- Биргелешкен бир мыйзам керек. Көз карандысыздык соттордун өзүнө керек. Ошол эле убакта кээ бир маселелер болуп жатат. Алып айтсак, Жогорку соттун мүчөлөрү өмүр бою шайланып, алар туура кылабы- жокпу, ошону териштирүүнүн механизми жок бойдон калууда.
Парламент шайлоонун жыйынтыгы сот чечими менен көз-көрүнөө теңирден-тескери чечилип жатканына нааразы болгон көпчүлүк 2005-жылдын башында жол тосуу, жергиликтүү бийлик имараттарын басып алууну башташкан эле. Анын жыйынтыгы Бишкектеги Өкмөт үйүн ээлөө, бийликти алмаштыруу менен аякталган. Андайдын кайталанбашы үчүн азыркы бийлик тарабынан деле олуттуу дегидей реформа жасала элек. Парламент шайлоону сот чатагы коштой жүрүшү көнүмүшкө айланып калганын Кемин менен Карасууда жакында өткөн шайлоо көрсөтпөдүбү.