Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

ПРЕЗИДЕНТ ЖАЛГЫЗ УЧАГЫНАН АЙРЫЛДЫ


Нарында болгон авиакырсыкка байланыштуу атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия кечээ биринчи жыйынын өткөрдү. Алгачкы маалыматтар боюнча кыйроонун себептерин аныктоочу атайын жумушчу топ түзүлүп, Орусиядагы жана Өзбекстандагы учак ремонттоочу заводдордон адистер чакырылды. Кыйроого учураган учак мамлекет башчыны жана өкмөт жетекчилигин өлкөнүн ичинде ташыган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы жалгыз учак болгон.

23-июнда Нарында болгон авиакырсыктын себептери изилденүүдө. Кыйроонун техникалык себептерин аныктоо максатында атайын түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Астионовдун маалыматы боюнча учактын иштен чыккан кыймылдаткычтарынын бирин өткөн жылы Ташкенттеги завод кепилдиги менен сунуш кылган:

-Кыймылдаткычтардын бири Ташкенттеги ремонт заводунун кепилдигинде турган. Ошондуктан ал жактан да сөзсүз өкүл чакырылат. Мындан тышкары Запорож облусундагы ремонт заводунан да адистер чакырылат. Бүгүнкү күнгө чейин абакыймылын башкаруучу каражаттарды, учуу мезгилинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү, учакты күйүүчү май менен камсыздагандарды жана башка тиешелүү документтерди иликтөө үчүн камакка алдык.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Астионовдун айтуусунда алдын ала алынган маалыматтар боюнча учак учууга жарактуу болчу.

Кыйроого дуушар болгон учак мамлекет башчысын жана өкмөт жетекчилигин Кыргызстандын ичиндеги каттамдар боюнча ташыган, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы жалгыз учак болгон. Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановдун айтуусунда анын учууга толук ресурсу бар болчу:

-Бул учак бир гана президентти эмес, жалпы өкмөт курамын ары-бери ташып жүргөн самолет болчу. Ошондуктан, анын учууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Эми атайын түзүлгөн комиссиялар кырсыктын себебин аныктап чыккандан кийин баары такталат.

Министрдин айтуусунда август айынан тарта жергиликтүү багыттагы учууларды кайра жандандырууга аракеттер көрүлүп жаткан. Ушул себептен атайын делегация аймактардагы аба майдандарын текшерүүдөн өткөрүү иштерин жүргүзүү максатында учуп бараткан.

Айрым маалыматтар боюнча жакын арада президент Курманбек Бакиев ушул учак менен түштүккө иш сапарына чыгуусу күтүлүп жаткан.

Кыйроого дуушар болгон учак Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин карамагындагы жалгыз учак болгон. Аталган министрликтин башчысы Туратбек Жунушалиевдин айтуусунда жарандык авиацияда учуп жүргөн ЯК-40 үлгүсүндөгү бардык учактарды бир сыйра көзөмөлдөн өткөрүү өкмөт башчы тарабынан милдеттендирилди:

-Кечээ өкмөт башчы тапшырма берип, талап кылды. Атайын жүргөн самолет көп учпайт да, ал эми күндүр-түндүр эл ташып, учуп жүргөн учактардын акыбалы деле жакшы эмес. Ошондуктан, эми жаңы самолетторду алып, эскилерин токтотуу керек, учуп жаткандарды кайра дагы бир сыйра техникалык көзөмөлдөн өткөрүү керек деген тапшырма берилди.

Аталган авиакырсыктын себептерин изилдеп жаткан жумушчу тобунун маалыматы боюнча иликтөө иштери бир айдан ашуун убакытка созулуусу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG