Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:05

ИРАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН “ОЮНДАРЫ” БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Иранда келерки жылдын мартында парламенттик шайлоо өтөт. Бирок өлкөдөгү айрым реформачыл саясатчылар консервативдүү маанайдагы күчтөр аларга каршы “саясий чабуулду” азыртадан эле башташканын айтып, кыжаалаттык билдиришүүдө. Бул чабуулдардын бири катары жакында Машхад деген шаарда экс-президент, реформачыл Мохаммад Хатамиге каршы өткөрүлгөн демонстрация аталды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун регионалдык аналитиги Вахид Сепехринин оюнда, реформачылар үчүн алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишүүгө бир эле жол калат окшойт – алар чачырабай, шайлоого бир тизме менен катышуулары керек.

18-июнда Машхаддагы демонстрацияны оңчул-радикалдар уюштуруп, Ирандын мурдагы президенти Хатамини диний сотко берүүнү талап кылышты. Көрсө, экс-президент Италияга барган учурда аялдар менен кол алышып көрүшкөн имиш. Ирандыктардын ишениминде, бул шариятка такыр туура келбеген кылык болуптур.

Жакында айрым реформачыл мыйзам чыгаруучулар президиум палатасы аларды цензурага алып жатканын айтышкан эле, бул үчүн бир топ башка депутаттардан катуу тил угушту. Оңчул депутаттардын бири азыр иран өкмөтүн сындап жаткандарды “Британиянын тыңчылары” деп айыптаса, экинчиси реформисттер парламентте көзөмөлдү күчөтүшсө, абал кескин начарлап кетээрин айтып адамдын жүрөгүн түшүрүп жатат.

Ирандагы реформисттердин “Этемад” деп аталган күндөлүк басылмасы 21-июндагы санында биринчи эле бетине Хатамиге каршы чыккан демонстрация тууралуу макаланы коюп, анда “азыркы радикалдар реформачыларга каршы жаңы чабуулду башташканын” жазды.

Реформачыл дагы бир “Этемад и Мелли” деген гезит парламенттеги реформачыларга каршы өтө заардуу билдирүүлөрдүн баары сессия башталаардын алдынан жакшылап даярдыктан өтөөрүн айтат. “Этемад” жазышына караганда, реформачылар 2005-жылдан бери президенттикте турган Махмуд Ахмединежаддын орой каталарын көрүп турган эл алдыдагы парламенттик шайлоодо реформачыларды колдооруна ишенишет. Анткен менен Ахмединежадды колдогондор муну четке кагышууда. Бирок азыр бир топ топторго бөлүнүп кеткен оңчулдар мезгили келгенде бүгүнкү башкы саясатчылар баштаган центристтер менен таймашканга туура келе турганын ойлоп, кичине болсо да колдорун калтырак басып турса керек.

Центристтердин ичинде жалпы элдин ишеничине кирип калган Али Акбар Хашеми-Равсанжани, Мехди Карруби же экс-президент Хатами өңдүү саясатчылар парламенттик орундар үчүн күрөшүүгө катышпаса деле, алар кимдир бирөөлөрдү колдоп чыгышы толук ыктымал.

Алардын шайлоодо жеңип чыгышына тоскоолдук кылыштын азыр жолдорунун бири – сот аркылуу иш козгосо болчудай. Мисалы, буга чейин жетекчилик айрым жагымсыз фигураларды коомдук турмуштан чыгаргысы келгенде, аларга карата мыйзамдарды тандоо менен, же, айрым учурларда, жашыруун аракеттерге барчу. Бул өңдүү процесстер узакка созулуп, тигил же бул адамды сөзсүз түрмөгө отургузушпаса деле, аны активдүү саясий ишмердүүлүктөн четтете алышмак.

18-июнда Машхадда Хатамиге каршы демонстрацияга чыккандар диний сот менен кандайдыр бир формалдуу айыпты иштеп чыкканга жетишкен өңдүү. Ал айыпка Хатами толгон-токой чет-өлкөлүк сапарларынын бири учурунда “денеси жарым жартылай жылаңач” аял менен кол алышып, көрүшүп жатканы тартылган виде-тасма да кошулган дешет.

Акыр аягында, аны сот жоопко тартышы да мүмкүн, тартпай коюшу деле ажеп эмес. Экс-президент Хатами болсо алдыдагы парламенттик шайлоого карата өзүнүн жеке мамилесин аныктап алышы үчүн дагы тогуз ай убактысы бар.

Канткен менен, Ирандагы реформачыл саясатчылар аларды бийликке алып келе ала турган коомдук колдоо дайыма аз болоорун жакшы түшүнүшөт. Оңчул саясий күчтөр мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жолдор менен, эптеп аларды бийликтен алысыраак кылганга аракет кылышаарын да түшүнүп калышты окшойт.

Бирок реформачылардын катарында Хатами же Рафсанжани өңдүү центрист экс-президенттердин ысымдары аталышы калктын калың катмары алдында реформачыларга болгон колдоону да күчөтөт го деген ишеним жаратып жаткандай.

XS
SM
MD
LG