Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

ЭЛ АРАЛЫК КРИЗИС ТОБУ ИРАК БОЮНЧА ОТЧЕТ ЧЫГАРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Брюссел шаарында жайгашкан Эл аралык кризис тобу 25-июнда Ирак боюнча атайын отчет жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, Ирактагы жагдай өтө начар абалга жетти жана аны азыркы көрүлүп жаткан чаралар менен оңдоо кыйын.

Эл аралык кризис тобу бул отчетту - Ирактын түштүк-чыгышындагы Басра шаарындагы абалды изилдеп чыккандан кийин даярдаган жана анын авторлорунун пикиринде, чыгарылган жайынтык өлкөнүн башка аймактарындагы абалга дагы дээрлик толугу менен туура келет. Ирак согушу 2003-жылы башталгандан бери Басра шаары жана анын айланасындагы аймак Британия аскерлеринин көзөмөл алдында.

Отчетто үч негизги корутунду чыгарылган. Биринчиден, акыркы мезгилде Басра аймагында башталган кагылышуулар көп муундуу жана аларды жөн гана террорчулук же диний аралык араздашуу менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Андай кагылышуулар менен кошо саясий себептен жасалган адам өлтүрүүлөр да бар жана карапайым калкка катуу басым жасалып, алар кайсы бир жиктелген жак тарапка өтүш керек деген талаптар коюла баштады. Мындай жагдайды кайсы бир үчүнчү тараптын кийлигишүүсү менен оңдоо өтө кыйын болуп баратат.

Экинчиден, адам өлтүрүүгө алып келген кагылышуулар Басра аймагында катардагы ишке айланып кетти жана аны бардык саясий күчтөр менен куралдуу топтор колдонууда.

Үчүнчүдөн, Ирактагы азыркы саясий түзүлүштү колдоо менен маселени чечүү дээрлик мүмкүн эмес, бирок АКШ менен Британия жетекчилиги дал ошондой ыкманы колдонууда. Отчеттун авторлорунун пикиринде, мындай жыйынтыктар Басра гана эмес, өлкөнүн башка аймактары үчүн дагы туура.

Эл аралык кризис тобунун аналитиги Питер Харлингдин айтымында, саясат таануучулар арасында азыр кеңири тарап бараткан "кудуретсиз мамлекет" жеген мүнөздөмөнү Иракка карата толук колдонсо болот: "Аймактагы өнүгүүнү анализдеп, биз Ирактагы азыркы кыйын абал өлкө жетекчилигин кудуретсиз абалга алып келгенин көрсөттүк. Ирак өкмөтү азыр же мыйзам башкаруучулугун орното албайт, же өлкө каражаттарын туура бөлүштүрө албайт. Өлкөдөгү саясий сахнаны - жергиликтүү каражаттар үчүн күрөшкөн куралдуу исламдык уюмдар басып алды", - дейт Харлинг.

Эксперттин пикиринде, азыркы өкмөт - анын алдында турган негизги маселелерди чечүүгө таптакыр жараксыз болуп чыгууда: "Багдаддагы өкмөт өзүн улуттук биримдик өкмөтү деп атайт, бирок андай болуш үчүн андай өкмөт жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Өлкөгө кошумча америкалык аскерлер жибериле баштагандан бери бул өкмөт өзүнө эч жоопкерчилик албай жатат. Мыйзам бузуулардын себептерин жок кылып, же сунни мусулмандарынын себептүү талаптарын аткаруу багытында эч нерсе жасалбай жатат", - деп айтты Харлинг 25-июнда Лондон шаарында отчетту коомчулукка тартуулап жатып.

Анткен менен айрым башка эксперттер мындай катуу жыйынтыктар менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG