Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

ИРАК: ИРАН АКШны,СЕНАТОРЛОР БУШту СЫНДАШТЫ


Ирактын президенти Жалал Талабани Тегеранда Иран жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Тегеран өз ара мамилелерди чыңдоого даяр экенин ырастады жана “буга жолтоо кылып жатканы үчүн” АКШны сынга алды. Ал эми Вашингтондо республикачылардан таасирдүү эки сенатор америкалык аскерлерди Ирактан акырындап чыгара баштоо керектигин айтып, президент Бушка кайрылышты.

Тегеран ар түрдүү чөйрөдө Багдад менен мамилелерди жана кызматташтыкты кеңейтүүнү жактай турганын Ирандын аткаруу бийлик башчысы президент Махмуд Ахмединежад ырастады. Жалал Талабани өз кезегинде Иран менен Ирактын карым-катнашы дамамат өнүгүп баратканын белгиледи.

Ирактагы өзгөрүүлөрдү Иран колдой турганын жогорку диний лидер аятолла Али Хаменеи да тастыктады. Бирок аятолла коңшулаш эки өлкөнүн “мамилелерин жакшыртканга жолтоо болуп, аларды начарлатканга умтулуп жатканы үчүн” АКШны сынга алды. Вашингондун мындай аракеттерине каршы туруу зарыл, деп белгиледи Хаменеи. Ирактын азыркы негизги проблемасы деп ал оккупацияны жана коопсуздуктун жоктугун атады.

Иракты оккупациядан бошотуу чакырыгы башкача апазда жана мааниде АКШнын өзүндө, болгондо да президент Буштун таасирдүү партиялаштарынан чыга баштады. Атап айтканда, Вашингтондун Ирактагы саясатын активдүү колдоп келгендердин бири, республикачыл сенатор Ричард Лугар дүйшөмбү күнү конгресстеги талкууларда Иракка жакында кошумча 30 миң контингент киргизген Буштун чечимин сынга алды. “Менин баамымда,улам начарлап бараткан азыркы кырдаалда сарп кылынып жаткан чыгымдар менен тобокелдиктер жетише турган пайдадан алда канча ашып түшүүдө”, - деп айтты Лугар.

Лугардын бул сөздөрүн америкалык баяндамачылар республикачыл партиянын ичинде “жарака” кеткенин билдирген жышаанга жорушту эле, Ак үйдүн басма сөз катчысы Тони Сноу муну четке какты. Беделдүү сенатордун пикири республикачылар арасына жик сала албай турганын айтып, ал Ирактагы жаңы стратегияга убакыт берүү керектигин белгиледи.

Лугардан соң республикачылардын дагы бир таасирдүү өкүлү,огайолук сенатор Жорж Войнович президент Бушка кат менен кайрылып, акырындап америкалык аскерлерди Ирактан чыгара баштоого чакырды.

Тегерандагы бүгүнкү жолугушууларда Талабани Иран менен АКШ ортосунда мындан чейрек кылымдан ашуун мурда үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди кайра тикелөө келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеп козгойт деп айтылган эле. Бул тема сүйлөшүүлөр учурунда сөз болгон-болбогону белгисиз. Өткөн айда Багдадда АКШ жана Иран өкүлдөрү биринчи ирет элчилер деңгээлинде жолугушкан. Тегеран делегациясы Вашингтонду Ирактан аскерлерин чыгарууга чакырса, америкалык тарап ирандыктарды козголоңчуларга жең ичинен колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кыйкымдашкан. Ирактын тышкы иштер министрлиги жакында АКШ жана Иран дипломаттарын экинчи ирет жолуктурганы эки тарап менен тең иштеп жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG