Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

ЦРУнун КЫРК ЖЫЛ МУРДАГЫ КЫҢЫР ИШТЕРИ


АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармасы мындан алтымыш, элүү, кырк жыл мурдагы мыйзамсыз иштерине байланышкан жабык архивдеги материалдарын ачыкка чыгарды. Аларда ЦРУнун буга чейин эле жалпысынан элге дайын болуп кеткен айрым операцияларын тастыктаган документтер бар. Ошол эле учурда материалдарда белгисиз бир катар иштер, алардын чоо-жайы, майда-барат өңүттөрү тууралуу жаңы маалыматтар да арбын.

Жабылуу архивден чыгарылган материалдарда ЦРУнун тыңчылары америкалыктардын өздөрүн кантип акмалап-аңдып,Советтер Союзунан, Кытайдан, башка да өлкөлөрдөн келген кат-кабарларды калтырбай ачып окуп, телефондогу сөздөрдү тыңшап, журналисттер журтун саксактап, алар жазган же айткан кабарларды кыл чыпкандан өткөрүп, кыйкымчылдык менен талдап турушканы тууралуу маалыматтар бар.

700 бетке көктөлгөн көөнө барактардан америкалык чалгынчылар социалисттик өлкөлөрдөн чыккан активисттерден,алардын ичинде россиялык диссиденттерден шектенип, айрымдарын кармап, камаган учурлар болгонун, чет элдик кай бир саясий лидерлерге тымызын саят, кутум уюштурганын билүүгө болот. Мисалы,60-жылдары Кубанын лидери Фидел Кастронун көзүн тазалоону көздөп, ЦРУнун тыңчылары бул ишке мафиялык уюмдарды тартышкан. Аларга Кастронун тамагына же суусундугуна уу салып коюуну табышташкан, муну жасаган кишиге 150 миң доллар байгепул убада кылган. Бирок операция оңунан чыккан эмес.

“Вашингтон пост” гезитинин мурдагы кабарчысы Роналд Кесслер ЦРУнун иши тууралуу бир нече китеп жазып, бу темада эбак алчы-таасын жеген автор атыкса да жаңы материалдарда баяндалган иштерди “ойго келбес шумдуктар” деп атады.

Жабык архивде жаткан бу документтерди коомчулукка ачып берүүнү ЦРУнун азыркы директору Майкл Хайдэн сунуш кылды. Көпчүлүк материалдар суктанарлык эмес, албетте, бирок ЦРУнун тарыхы болуп саналат, деп айтты ал. Хайдэн элдин назарына чыгарылган документтер өткөн доордун, башка ЦРУнун иштерин көрсөткөн танык-тастыктар экенин да кошумчалады.

Эксперт Кесслер ЦРУнун башчысы айткан бу пикирге кошулат. Бүгүн Буштун администрациясы эмне жасабасын, анын баары конгресске маалымдалып, конгресстин көзөмөлүндө турат, дейт ал. Бу чынында эле башка жагдай. Алтымышынчы, жетимишинчи жылдары конгресс ЦРУнун эмне кылып жатканы менен иши да болчу эмес, анын мандемдүү аракеттерин билгиси келчү эмес. Бүгүн конгресс баарынан кабардар, баарын өз элегинен өткөрүп турат – башкы айрыма мына ушунда, дейт Кесслер.

Кесслерге ЦРУнун мурдагы чиновниги, былтыр гана андан бошонум алып,азыр илимий иштер менен иришип жүргөн Брюс Рейдэл бир жагынан кошулат. Азыркы ЦРУ башкача усулда башкарылып жатканы чын, дейт ал. Бирок ошол эле учурда башкы чалгындоо мекемеси мурдагыдай эле Ак үйдүн тескөөсүндө турат. Өткөндөгү операциялар да ЦРУ өз алдынча чечип, өзү билип жасаган иштер эмес. Алардын баары ошо кезде бийликте турган президенттердин көрсөтмөлөрүнө ылайык жасалган болуу керек.

Рейдэлдин айтымында, материалдарда көрсөтмө бергендер менен аны аткаргандар ортосундагы мамилелердин да изи сакталып калган. Бу мамиле болсо эзели өзгөрбөйт болуш керек.

XS
SM
MD
LG