Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

ДҮЙНӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ЭЛИ АКШны ТЕРС КАБЫЛ АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Коомдук пикирди изилдөө тармагындагы АКШдагы эң белгилүү изилдөө борборлорунун бири жакында өткөргөн сурамжылоо көрсөткөндөй, дүйнө мамлекеттериндеги АКШга карата мамиле терс жакка өзгөрүүдө. Мамлекеттик катчылыктын өкүлдөрүнүн айтымында, бул маселе өтө татаал жана аны жөнгө салуу үчүн узак мөөнөт керек болот.

"Пью рисөрч" деген белгилүү изилдөө борбору 27-июнда билдиргенге караганда, жакында дүйнөнүн 47 мамлекетинде сурамжылоо өткөрүлдү жана алардын кырк биринин калкынын Америкага карата мамилеси терс болуп чыкты. Уюмдун деректиринин орун басары Кэррол Догертинин айтымында, көпчүлүк суралгандарга АКШ башка мамлекеттерге демократияны таратуу боюнча көрүп жаткан аракеттери жакпайт:

- Алар Америка Кошмо Штаттарын - ал демократияны дүйнөгө өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп таратып жатат деп кабыл алат. Суралгандардын көпчүлүгүнүн пикиринде, Вашингтон демократиялык тартиптерди башка мамлекеттерге ошол демократиялык баалулуктардын өзүн таратыш үчүн эмес, кайсы бир аймактарда АКШнын өзгөчө кызыкчылыгы бар болгондуктан таңуулоодо.

Анын айтымында, азыркы сурамжылоо учурунда Ирак боюнча суроо болбосо дагы, мурдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, алар АКШ ал согушту - Ирак элин диктатор Саддам Хусейнден бошотуш үчүн, же Американы "Ал-Каида" уюмунан коргоо үчүн эмес, Ирактын мунай байлыктарына өзү ээлик кылуу үчүн баштаган деп эсептейт.

Догертинин пикиринде, мындай терс мамиле АКШнын жалпы саясаты үчүнбү же анын азыркы жетекчилигинин аракетттеринин айынан болуп жатабы деген маселе - президент Жорж Буш эмдиги жылы кызматынан кеткенден кийин гана чечилет:

- Мунун баары президент Буш менен байланыштуубу? Мүмкүн, байланыш бар, бирок чындап келгенде, андай жалпы саясат 2008-жылы боло турган президенттик шайлоодон кийин дагы улантылат. АКШнын саясатын терс кабыл алуунун себептеринин бири - Вашингтон Израилди колдогон менен байланыштуу, бирок андай колдоо Америкадагы бийлик алмашкандан кийин өзгөрүп кетет деп айтуу кыйын. Ошондуктан азыркы саясат дагы көпкө уланат деп айтса болот.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгында коомдук байланыштар үчүн мамлекеттик катчынын орун басары Карен Хьюс жооптуу. Анын жардамчысы Рена Педерсондун айтымында, маселе татаал жана аны жөнгө салуу үчүн көп убакыт керек:

- Биздин саясат ар башка адамдарга жакпашы мүмкүн жана көптөргө жакпайт, анын негизги себеби Ирак менен байланыштуу. Айрым адамдарга биздин маданият жакпайт. Башкалардын, мүмкүн, биздин авиакомпаниялар менен мамилеси жакшы болгон эмес, үчүнчүлөргө бизде өндүрүлгөн буюмдар жакпашы мүмкүн. Бул маселе өтө татаал, ошондуктан аны дароо жана оңой чечүү мүмкүн эмес. Менин оюмча, бардык жактардын пикирин угуп, көп тараптуу диалог өткөрүп, катуу иштеш керек.

Анын айтымында, АКШ жетекчилиги азыр чет өлкөлүк саясатчылар жана карапайым адамдар менен тикелей мамиле түзүү тажрыйбасына өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG