Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Бейшемби күнү Иракта көптөгөн өлүмдөр болду, Багдад шаарында жарылган бомбадан жыйырма бештей адам набыт кетти. Борбор калаадан алыс эмес жерде, Тигр дарыясынын боюнда башы кесилген 20 адамдын денеси табылды.

Башы алынган денелер Багдад калаасынан 14 чакырым алыстыктагы Салман Пак деген шаардын алдындагы Ум-ал-Абид деген айылдын жанында табылды. Өлгөндөрдүн баары жыйырмадан кырк жашка чейинки эркектер, алардын көпчүлүгүнүн колу-буту байланган. Өлгөндөрдүн айрымдарынын кесилген баштары денелердин жанында жаткан.

Бул аймакта негизинен сунни мусулмандары жашайт жана мурда дал ошол жерде бир нече жолу шийи мусулмандары барымтага алынып, кармалып кеткен, алардын көпчүлүгү кийин өлтүрүлгөн. Ал аймак аркылуу шийилер отурукташкан Вазит менен Майсан провинцияларына жана Басра шаарына кеткен жол өтөт. Дал ошол аймакта америкалык аскерлер акыркы күндөрдө согушкерлерге каршы чабуул өткөргөн.

Ошол эле бейшемби күнү Багдад шаарынын түштүк-батышындагы Баяйя деген аймакта автобустар чогулуп токтогон жерде жарылуучу зат толтурулган машине жарылып кеткендиктен 25 адам өлдү жана дагы кырктай киши жараат алды. Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү генерал Касим ал-Аттанын айтымында, бомбадан тышкары газ дагы жарылган:

- Жарылуу Баяйя аймагындагы автобус станциясында эртең менен тогуз жарымда болду, ал жерден автобус жолдору ар башка аймактарга бөлүнүп кетет. Алгачкы тергөө көрсөткөндөй, бомба жарылгандан кийин - аны менен байланышкан газ баллону жана дагы көптөгөн тринитротолуол дагы жарылган.

Ал жерде эртең менен абдан көп адам жана автобус чогулган жана жарылуудан кийин кыркка жакын машинеге өрт өтүп кетти.

Ошол эле күнү Багдаддын Шоржа деген соода аймагына алыстан атылган үч мина тийгенден 14 адам набыт кетти. Шаардын чет-жакасындагы ал-Амин деген аймакка дагы мина тийгенден эки адам өлүп, дагы төрт киши жараат алды. Кечинде болсо Багдаддын жакшы кайтарылган борбордук аймагына ракета тийди.

Шаар четиндеги Мансур деген аймакта дагы ошол эле 28-июнда бир автобус жарылып кеткендиктен бир адам өлүп, үч киши жарадар болду. Насирия шаарында америкалыктар үчүн иштеген бир котормочу жашаган үйдүн алдына эки согушкер бомба коюп жатканда, ал бомба кокусунан жарылып кеткендиктен, ал экөө өздөрү өлдү.

Ирактагы британиялык аскерлердин жетекчилиги билдиргенге караганда, бейшемби күнү үч британ аскери бомба жарылуусунан набыт кетти. Алар негизинен Басра шаарынын айланасындагы аймакта жайгаштырылган жана 2003-жылы согуш башталгандан бери Иракта 154 британиялык аскер курман болду. Өлгөн америкалык аскерлердин саны болсо 3570-ке жетип калды.

Ирактагы диний аралык кагылышуулар былтыр 22-февралда Самарра шаарындагы Алтын мечит жарылгандан кийин күчөдү. Быйыл 13-июнда ал мечитте дагы бир жарылуу болуп, анын эки мунарасы урап түштү. Айрым эксперттер бул кагылышууларды ич-ара согуш деп да атай баштады.

XS
SM
MD
LG