Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

КАЗАКСТАН: МАЙДА УЛУТ ӨКҮЛДӨРҮ ПАРЛАМЕНТКЕ ӨТКӨНГӨ КЕПИЛДИК АЛЫШТЫ


Казакстанда майда улут өкүлдөрүнө парламенттен он жети орун кепилденди. Алардын тогузу межилиске, сегизи сенатка депутат болушат. Бирок аларга шайлоочулар эмес, коомдук бирикме – «Казакстан халктары ассамблеясы” мандат берет. Өлкөдө бул идеяны колдогондор да, жактабагандар да бар.

Казак парламенттин таркатып жатып, президент Нурсултан Назарбаев депутаттардын жаңы корпусун жалпы эл 18-августта шайлай турганын билдирген.Буга кошумчалап, ал “Казакстан халктары ассамблеясынан” парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоону 20-августка белгиледи.

Калк ассамблеясы Казакстанда 1995-жылы түзүлгөн. Ага өлкөдөгү жүздөн ашуун улуттун 350 өкүлү кирген. Ассамблеянын төрагалыгына Назарбаев шайланган. Быйыл биринчи ирет ассамблея өз мүчөлөрүнүн арасынан межилиске тогуз,сенатка сегиз депутат шайлайт.Жыйындын орунбасар төрагасы Жуматай Алиев ассамблеянын курамындагы улуттук тайпалардын өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыктарын жактарын, Казакстанды алар өз мекени деп эсептешерин айтып, парламенттен өтүлдөнгөн орун бөлүнгөнүн кубаттады. Буга орус, башка славян тайпаларынын бирикмесиндеги лидерлердин бири Анатолий Чесноков да кошулду. Майда улут өкүлдөрү чынында эле өлкөдөгү бийлик органдарына чанда өтөрүн бышыктап, башка көп парламенттерде, мисалы, жүздөн ашуун улут жашаган Румынияда бардык топтордун өкүлдөрү бар экенин эске салды.

Деген менен бул идеяга анчейин ийибегендер да аз эмес. Казакстандагы немецтердин өкүлү Геролд Белгер, мисалы, эгер өлкөдөгү бардык тайпалардын өкүлдөрүнө парламенттен кепилденген орун бериле берсе, анда казактардын өзүнө орун калбай калышы мүмкүн деп эсептейт. Орус, корей, татар, немец жана башка ушул өңдүү ири сандагы тайпаларга орун берилсе, анда калгандары да бизге эмнеге орун тийбейт деп айтышы мүмкүн. Иши кылып,бу деле проблеманы чечпейт, дейт Белгер.

Ал эми уйгур тайпасынын өкүлү Кахарман Кожамбердиев Казакстан унитардуу мамлекет экенин, анын үстүнө ассамблеянын өзү шайланма орган эместигин айтып, андыктан алды менен анын мүчөлөрүн жок дегенде ар бир тайпа өзү шайлап, ошондон соң алардын ичинен парламентке жарай тургандарды тандап алса туура болмок деген пикирин билдирди.

Казакстандагы күрт жамаатынын өкүлү Маликшах Гасанов, тескерисинче, жергиликтүү бийликтер кантсе да майда улуттарга акыры медилин бурду деген ойдо. “Эмнеге дегенде, эгер жалпы негизде шайлана турган болсо, майда улуттардын өкүлдөрү парламентке эгерим өтө албайт,- дейт ал. – Тогуз орунга келсек,ал да саны көп тайпаларга тиери шексиз. Деген менен ушуга да каниет!”

“Улут тагдыры” кыймылынын лидери Дос Көшүм бул идеяны конституцияга да, адам укуктары принциптерине да төп келбеген иш деп атап,четке какты.Элдин өкүлү болуу үчүн депутат элдин өзүнөн гана мандат алууга тийиш.

Бул ойго кошулуп, Азербайжан маданий борборунун жетекчиси Асыла Османова: “Биз баарыбыз Казакстандын жараныбыз, андыктан шайлаганга да, шайланганга да укугубуз конституцияда жазылгандай тең болушу керек”,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG