Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

УГО ЧАВЕС МАСКӨӨНҮ БИРИНЧИ БОЛУУГА ҮНДӨП КЕТТИ


Муса Мураталиев, Москва Өткөн аптада Венесуэланын президенти Уго Чавес үч күндүк иш сапары менен Орусияга келип кетти. Москвада латын америкалык маданий борбор ачып атып, Венесуэланын лидери дүйнөнү жеке бийлеш үчүн өзүнүн өнүгүү жолун таңуулап атат деп АКШны күнөөлөдү. Ошону менен катар «көп уюлдуу дүйнөгө башчы бол» деп Орусияны үндөдү. Бейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда тараптар ортосунда соода-экономикадагы маселелер жана согуштук багытта кызматташуу талкууга алынды. Анализчилер баамында президенттер Жорж Буш менен Владимир Путиндин жолугушуусун утурлап Венесуэланын жетекчисине көрсөтүлгөн орусиялык сый бекеринен эмес болгон.

Венесуэланын президенти Уго Чавес менен жолугушуу үстүндө Орусиянын президенти Владимир Путин «кымбаттуу досум менен жүздөшүп олтурамын» деген. Сырттан көз салгандар баамында Путин менен Буштун жекшембиде Кенненбанкпорт айылында жолугушар алдында Чавестин Маскөөгө келип кетиши саясий мааниге ээ.

Орусиялык солчулдар арасында Венесуэланын лидери Кошмо Штаттарына, баарыдан мурда анын азыркы лидери Жорж Бушка каршы ачуу сын айтканы үчүн оорактуу. Ошондуктан Мамдуманын коммунисттер башында турган оппозициясы Чавести парламентке чакырып, ага сөз берүү сунушун киргизишкен. Аны «Бирдиктүү Орусия» фракциясы колдогон эмес. Колго сала келгенде 210 депутат каршы чыгып 123 депутат колдоого алып, бирок сунуш суу кечпей калган.

Латын америкалык конок Маскөөдө бул жолу суу асты менен жүрүүчү согуштук кемелер жана ТОП-1 аталыштагы зениттик куралдар комплексттерин сатып алуу кебин бышырып кеткен. Өткөн жылы болсо Кремль менен ал үч миллиард доллардык акчага тик учмалар, истребителдер, автомат мынтыктарын сатып алып кеткен эле.

Уго Чавес "жер жүзүндө көп уюлдуулук болушу керек, анын башында Орусия турушу керек" деген кебин Маскөөдөгү чет элдик тилдер китепканасында айткан:

- Орусия менен Венесуэла энергия кубаты боюнча стратегиялык өнөктөш боюнча кала берет. Дүйнө жүзүнө жангыз өзү бийлик жүргүзө албашын АКШ түшүнүшү керек. Америкалыктар Ирактан аскерлерин чыгарып кетиши керек жана Иранга кол салуудан баш тартышы керек деп эсептеймин. Ал эгемендүү мамлекет, анын өз ядролук энергетикасын курууга укугу бар.

Батыштык анализчилер бир өлкөдө социализм дубалын тургузуу аракетин жасап аткан Уго Чавес гана эмес Иран, Сирия, Кытайга окшогон дегинкиси Кошмо Штаттарга касын тиккен өлкөлөр менен жакшы болуп кеткен, алар менен жөн эле жылуу ымалада болбой, аларга курал сатып аткан мамлекет катары Орусияга сын айтышууда.

Көз карандысыз аскерий эксперт Александр Гольцтун пикири боюнча америкалык президент Жорж Буш менен жолугар алдында Чавести кабылдоо менен Путин мындан ары иш жамандай турган болсо эмне жасай тургандыгын алдын ала билдирип атат:

- Эгерде арадагы жагдай Орусия каалап тургандай нукта өнүкпөсө анда буга окшогон режимдер менен жылуу мамиле түзүп кетерин билдирип атат.

XS
SM
MD
LG