Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:56

АЗЕРБАЙЖАН СЫНАЛГЫСЫ ОРУСИЯ ЧЕГИНДЕ КӨРСӨТҮҮСҮН БАШТАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Азербайжандын жерине орусиялык ОРТ жана РТР каналдарынын көрсөтүлүшүн токтотуу маселесин Баку ушул жылдын башында көтөргөн. Азербайжан ал жолу эки өлкө өкмөттөрү кол коюшуп 1995-жылы түзүлгөн келишимден чыга тургандыгын ырасмий билдирген. Ошондон тарта эки мамлекттин ортосунда түзүлгөн комиссия иштеп, азыр жаңы келишим негизин түзүп чыгышканын «Новости-Азербайжан» агенттиги жазат. Ага кол коюшуу 10-июлга дейре боло тургандыгы да айтылат. Ошондон кийин Москва берүүлөрүн бир гана каналы менен көрсөтүп калат жана Баку боордоштору көп турукташкан орусиялык шаарларга өз берүүлөрүн көрсөтө баштайт.Анализчилер мындай көрүнүштү мурдагы советтик республикалар алакасындагы тараптар тең утушка ээ болушкан алгачкы жаңылык деп баалашууда.

Эки мамлекетке берүүлөрдү РТР-Планета жана АзТВ компаниялары жүзөгө ашырат экен. Бирок көрсөтүүлөрдү тартып берүүнү буга дейре берүүлөрдү жүзөгө ашырып келаткан маскөөлүк тарап ишке ашырат экен. Азербайжан андай макулдашууга Бүткүлорусиялык мамлекеттик сыналгы жана үналгы компаниясынын баш деректири Олег Добродеев жакында Бакуда болгондо аны менен чогуу талкуулап анан жетишкен.

Азербайжандын улуттук сынгалгы жана үналгы берүүлөрү боюнча кеңештин төрагасы Нушираван Магеррамли айтканга караганда, эми мындан ары азербайжандык бир канал Маскөөгө, орусиялык бир канал Бакуга берүүлөрүн көрсөтө алат. Ар бир үч жылда келишим улам жыңыланып турат.

«Советтик кез кыйрагандан кийин Aзербайжанда бир сыналгы, бир үналгы бар эле. Ошондуктан чет элдик каналдарга муктаж болгонбуз. Азыр өлкөдө сыналгынын эле алты каналы иштейт. Ошол себептен биз жагдайды карап көрүп орусиялык сыналгылардын көрсөтүүлөрүн токтотолу дедик», - деген Нушираван Магеррамли.

Анализчилер баамында ар кандай шылтоолор менен Маскөөнүн таасиринен арылуу аракети мурдагы советтик жаатты түзгөн өлкөлөрдө буга дейре эле болуп келген. Балтика деңизинин боюнда жайгашкан мамлекеттерде орусиялык каналдарды такыр жаап салышкан. Ал эми Украинада да маскөөлүк көрсөтүүлөрдү украин тилине которулбаптыр деп көп аймактарында уруксат бербейт дешет.

Баку менен Маскөө маалымат алмашуунун тараптарга бирдей үзүрдүү болуучу жолун табышып КМШ өлкөлөрүнө өрнөк болушту дегендер да бар.

«Азербайжан менен болуп аткан алака - КМШга мүчө башка өлкөлөр үчүн мамилени кантип бири бирине пайдалуу чечилишин тапса боло тургандыгын айгинелечү жакшы мисал», - дейт орусиялык саясий талдоочу Алексей Ващенко/

Магеррамли мырза айтканга караганда Азербайжанга орусиялык РТР каналы берүүлөрүн көрсөтүп Баку өз берүүлөрүн Маскөө, Маскөө облусу, Санкт-Петербург, Түмөн, Екатеринбург, Дагстан жана Татарстанга көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG