Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

КООПСУЗДУК КУРУН ТАГЫНУУГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨДҮ


Кабыл Макеш Бишкек шаардык автоинспекциясы тарабынан өткөрүлгөн “Машине айдагандар” деп аталган рейддин жүрүшүндө 214 айдоочунун автоунаа айдоого укуктуу деген документи болбогондугу аныкталып, тогуз жүзгө жакыны катуу ылдамдык менен бара жатканда кармалган. МАИнин маалыматы боюнча, эки күндүн ичинде эле жол эрежесин бир жарым миңден ашуун айдоочу бузган. Өлкөдөгү айдоочулардын 80 -90 пайызы коопсуздук курун тагынбайт. Ошондуктан учурда коопсуздук курун тагынуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү.

Бишкек шаардык МАИнин жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун пикиринде дээрлик көпчүлүк айдоочулар жол эрежесин карабай, коопсуздук курун тагынбайт. Ошонун кесепетинен кырсыкка учураганда майып болуп, айрым учурда өмүрлөр кыйылууда. Коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга эскертүү берилип, 50 сом айып салынат. Кымбат баалуу машинелердин айдоочулары инспекторлордун талабын аткарбайт, кээде аларды коркутуп-үркүткөн окуялар дагы кездешет.

Өткөн жума күнү Бишкек-Ош канжолунун Токтогул-Каракөл бөлүгүндө болгон автокырсыктан Сузак районунда жашаган Тажибаевдердин үй-бүлөсү каза болгон. Токтогул райондук МАИ кызматкери Байжигит Орозовдун маалыматты боюнча Тажибаевдердин үй-бүлөсү: күйөөсү, аялы үч баласы менен Ысыккөлдөн эс алуудан бара жатышкан. Рулда отурган атасы уктап кеткенине байланыштуу автоунаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен, Алар коопсуздук курун тагынган болсо жаракат алса дагы аман калышы мүмкүн эле, дейт инспектор Байжигит Орозов.

Үй-бүлөдөн эс алууга барбаган 14 жашар уулу калган.

МАИ кызматкеринин айтуусунда акыркы эки–үч жылдан бери Бишкек-Ош, Бишкек- Каракол, Бишкек-Торугарт жолдорунда жол кырсыгы көбөйгөн. Буга айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы жана коопсуздук курун тагынбаганы себеп болууда.

Бишкектик айдоочу Жоомарттын пикиринде чет өлкөлөрдө коопсуздук курун тагынмайын автоунааны айдашпайт. Коопсуздук куру кырсыкка кабылганда адам өмүрүн сактайт. Кыргызстанда буга анча маани бербейт, коопсуздук курун көзөмөлдөө күчөтүлгөнү туура, дейт Жоомарт.

Ал эми айдоочу Алмаз Кудайбергеновдун айтымында МАИ кызматкерлери коопсуздук курун шылтоолоп айып төлөткөнү менен дүмүрчөк кыркып бербейт. Бул жагдай МАИ кызматы үчүн айдоочуларды тоноп алууга гана ыңгайлуу жагдай түзөт.

-Коопсуздук курун тагынуу айдоочу үчүн адат болушу керек,- дейт Алмаз Кудайбергенов.

XS
SM
MD
LG