Алматыда өткөн бул иш-чарага эксперт катары жаштардын укук коргоо тобунан Назгуль Турдубекова жана Наталья Утешова барып келишти. Анда жаш кыргыз укук коргоочулары балдар үйү, психикалык бейтапкана, түрмө өндүү жабык мекемелерде кантип мониторинг жүргүзүү керек өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Отуз чакты жаш активисттерге адам укугун коргоонун стандарттарын үйрөтүү иш -чарасын “Фридом хаус” эл аралык уюуму өткөн жумада уюштурган. (ElenK)
12:55 Жаштардын укук коргоо тобу казак жаштарына адам укугун коргоонун стандарттарын үйрөтүштү