Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

ЖУМА АБДУЛЛАЕВ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ЧЕТ ЖАКТА ИШТЕГЕНДЕР БАГЫП ЖАТАТ


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши Казакстандагы жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Жума Абдуллаев болду. Анын айтымында чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар Ата Журтуна жиберген акча бир жылда бир миллиард АКШ долларына жетип, өлкөнүн 70-80 пайызын багып жатат.

- Соңку жылдары коңшулаш мамлекеттерге Казакстанга, андан ары Орусияга жумуш издеп кеткендердин саны улам өсүп жатканы тууралу маалыматтар түшүп атат. Сиздердин өзүңүздөрдүн жеке көзөмөлдөп турган системаңыздар болсо керек. Сиздердин маалыматыңыздарда чет жакада канча адам бар?

- Былтыкы жылга чейин жалпы көрсөткүч 330-340 миңдин тегерегинде болчу, Казакстанда 60 миңден 80 миңге чейин болчу. Бирок быйыл бул процесстер аябай күчөп, азыр жалпы көрсөткүч 550 миңге жакындап калды деп айтса болот. Анткени, Россиянын миграциялык кызматы да ушундай маалымат берүүдө. 2007-жылдын көрсөткүчтөрү боюнча 428 миң деген маалыматты берип жүрүшкөн. Казакстанга барып иштегендер да аябай көп, ал жакта азыр курулушта эмес, айыл чарбасына иштегендер көп болуп атат. Анткени, курулушка иштегендердин укугу аябай кордолуп атат. Укук коргоо боюнча Казакстан Россияга караганда артта катып келатат.

- Жума мырза, негизи эле Орусиядагы кыргызстандыктардын кандай маселелери бар, эмне менен алектенип жүрүшөт алар. Орусиядагы кыргызстандыктар жакында кыргыз диаспораларынын эл аралык форумун өткөрүштү. Негизги проблемаларынын бири четте туруп кантип Кыргызстандын өнүгүшү үчүн колдоо көрсөтсө болот деген маселенин тегерегинде ой бөлүштү. Чет мамлекеттеги кыргызстандыктардын жардамы өлкө үчүн бир топ эле чоң экени айтылып келатат. Бирок силердин өзүңүздөрдүн эсебиңиздерде канчалык деңгээлде бүгүн Орусияда же Казакстанда жашап аткан кыргызстандык мигранттардын кандай саясий потенциалы бар? Алар электораттын кайсы бөлүгүн түзөт?

- Биринчиден, азыр Россияда көйгөйлүү маселе азайып калды. Каттоо боюнча Россиянын миграциялык мыйзамдары жакшы деңгээлде либералдаштырылып маселенин баары чечилип атат. Жалгыз гана базарда соода кылгандардын мүмкүнчүлүктөрү кичине чектелип, бир сөз менен айтканда Россиянын атуулдугун алуу менен гана чечилип атат бул маселе. Ал эми саясий потенциалды айтсак, биздин маалымат боюнча Кыргызстанга жыл сайын 600-700 млн. доллар, башка кээ бир маалыматтар боюнча 1 млрд. долларга чейин акча которулуп атат дейт жыл сайын. Бул акча дээрлик өлкөнүн 70-80 пайызын багып атат деп айтса болот. Анын ичинен айлануудагы акча болгондуктан Кыргызстандагы өндүрүштү, сооданы кыймылдатып атат. Албетте, саясий потенциалы көп. Россиянын атуулдугун алгандардын саны дагы быйылкы жылдын аягына чейин 300 миңге жакындайт. Бул жагынан дагы Россиянын ички саясатында дагы өзүнчө ролго ээ болуп келатат буюрса.

- Азыр өзүңүз айтып атасыз саясий потенциалы өтө күчтүү деп. Кыргызстанда өтө маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууда чет жакада жүргөн кыргызстандыктардын, өзгөчө Орусия менен Казакстанды алсак, ошол жакта жүргөн кыргызстандыктардын электорат катары потенциалы кандай? Алар чечим кабыл алганда өзүлөрү ошол окуяны билип, терең изилдеп туруп кабыл алат деп ойлойсузбу? Көбүнчөсү эле айыл- кыштактардан келгендер деп атышат. Алардын чечими кандай болот деген суроолор түшүп атат кээ бир аналитиктерден.

- Ар кайсы маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы эле жыйынтыкты берет. Азырынча жалпылаштырылган максатта жалаң гана президенттик шайлоолор болгон. 2005-жылы техникалык, маалымат жагынан уюштуруу иштерин биз жүргүзгөнбүз Тышкы иштер министрлиги менен чогуу. Ошондо Россиядан 32 миң шайлоочу катышып добуш берген. Алардын Кыргызстандагы туугандары аркылуу үгүттөө иштери жүргүзүлгөн. Азыр ассоциацияларга биригип атабыз. Биз Москвадагы “Кыргыз биримдиги” деген уюм менен тыгыз иштешебиз. Кандайдыр бир кырдаалдар боюнча чогуу-чаран арыздарды кабыл алуу менен иш жүргүзүп келатабыз. Мисалы, өткөндө ХИПК боюнча өзүбүздүн терс мамилебизди ачык жарыялап каршы турдук.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG