Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

БОРШАЙКОМ ЖЕТЕКЧИСИ ЭМНЕГЕ АЛМАШТЫ?


Өткөн жуманын этегинде президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова кызматынан бошотулду. Мамлекет башчы анын ордуна мурдагы Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин талапкерлигин сунуштап, бирок парламент бул маселени караганга үлгүрбөй калды. Дайындалганына жарым жыл болбой жатып БШК төрайымынын кызматтан бошотулушу тууралуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер жаралып жатат.

БШКнын мурдагы төрайымы Айчүрөк Эшимова бул кызматка үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитилген. Эшимованын кызматынан бошотулушу чынында күтүлбөстүктөн жана табышмактуу болгондугун БШКнын көп жылдардан берки мүчөсү Жаркын Бапанова белгиледи.

Кээ бир талдоочулардын пикири боюнча БШКнын экс-төрайымы Айчүрөк Эшимованын кызматтан бошотулушу келерки шайлоолорго байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, бийлик бул жолу деле өзүнө пикирлеш адамдардын шайлоодо утуп чыгуусуна кызыкдар болот.

Ал эми Айчүрөк Эшимова буга чейинки туруктуу, калыс позиция менен бийликтин айтканын аткара бербеген кадр экендигин көрсөттү дешет алар. Буга бир мисал катары №57 Кемин шайлоо окуругунда БШКнын 1-май күнү болгон көчмө отуруму жана анын чечими бийлик төбөлдөрүнө жакпай калгандыгы айтылууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда бул күнү БШК экс-төрайымы шайлоо кодексинде жазылган мыйзамдар боюнча гана иш алып барган. Азиза Абдурасулова азыркы бийликке мыйзамды сыйлаган жетекчилер керек эмес деп эсептейт.

Айчүрөк Эшимова Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп турганда эле бийликтин камчысын чаба баштаган деген сын-пикирлер айтылып келген. Мындай пикир ээлери шайлоо өткөрүү бийликтин көзөмөлүндө гана болуп, Борбордук Шайлоо Комиссиясы бүгүнкү күнгө чейин Ак үйдүн көрсөтмөсү менен иштеп келатканын белгилешет.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, Айчүрөк Эшимова шайлоочулардын үмүтүн актаган жок, анын кызматтан бошотулгандыгы эч кандай өкүнүчтү туудурбайт.

Учурда БШКнын жетекчисинин милдетин убактылуу түрдө анын мүчөсү Акылбек Сариев аткарып жатат. Мурдагы төрайым Айчүрөк Эшимова президенттин жардыгы чыгаар алдында дарыланууга кеткен.

Президент Курманбек Бакиев БШК төрайымы Айчүрөк Эшимованы 29-июнда кызматынан бошотуп, анын ордуна экс-баш прокурор Камбараалы Конгантиевди Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Оппозициялык көз караштагы айрым саясатчылар Айчүрөк Эшимова Камбаралы Конгантиевге кызмат берүү үчүн гана президент тарабынан чабылган садага болгондугун айтышууда. ЖК депутаты, “Акшумкар” саясий партиясынын теңтөрагасы Кубатбек Байболов бул бийликтин көнүмүш адаты деп эсептейт.

Парламент президенттин сунушун күзүндө карайт. Ушул тапта №36 Каракулжа, №38 Мырзаке, №50 Керметоо жана №69 Балыкчы шайлоо аймактарынан кайрадан ЖК депутаттыгына ат салышуулар болууга тийиш. Мындан тышкары июль-август айларында бир нече айыл өкмөттөрүндө шайлоо жүргүзүү тууралуу президенттин жардыгы бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG