Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

«ХИЗБАЛЛАНЫН» ИРАКТАГЫ ИШТЕРИ ҮЧҮН АКШ ИРАНДЫ АЙЫПТООДО


Нарын АЙЫП, Прага Америка кошмо штаттарынын дагы бир генералы Иран жетекчилигин күнөөлөп, алар Ирактагы согушкерлерге аскерий колдоо көрсөтүүдө деп билдирди. Генерал Кевин Бергнердин айтымында, андай колдоо кошуна Ливандагы "Хизбалла" уюму аркылуу жүргүзүлүүдө.

Америкалык генерал Кевин Бергнер 2-июлда билдиргенге караганда, Ирактагы өкмөттүк жана америкалык аскерлерге каршы аракеттенген согушкерлерге жардам Ирандан келип жатат жана ага "Хизбалла" менен "Кудс" деген уюмдар катышууда.

Генералдын айтымында, Ирактагы согушкерлер Ирандын аймагына алып келинип, ал жерде машыгуудан да өтүп жатат: "Кудс' күчтөрү жана 'Хизбалланын' инструкторлору жыйырмадан алтымышка чейин адамдан турган топторду машыктырып, аларды кайрадан Иракка жиберип жатат. Машыгуу учурунда алар жарылуучу заттарды кантип пайдаланууга, мина жана ракеталар менен эмне кылышты, андан тышкары чалгындоо иштерине, снайперликке жана барымтаны кантип ишке ашырууга үйрөнүшөт", - деди генерал.

Шийи мусулмандарынан турган "Хизбалла" уюму негизинен кошуна Ливанда аракеттенет, "Кудс" деп аталган аскерий топ болсо Ирандын Революциялык гвардиясынын атайын бөлүгү болуп эсептелинет.

Генерал Бергнердин айтымында, мындай маалыматтар - үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Иракта туткунга алынган Али Муса Дакдук жана Каис ал-Хазали деген адамдардан алынды. Дакдук мурда 24 жыл бою "Хизбалла" уюмунун согушкери болуп келген жана Ирандын "Кудс" тобу менен кызматташкан, бирок акыркы мезгилде Ирактын өзүндөгү шийи аскерий тобу менен байланышта аракеттенген. Ал топту болсо Хазали башкарган, Хазали мурда шийи имамы Муктада ас-Садр үчүн иштеп келген, бирок кийин өз алдынча уюм түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январында Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарында америкалык аскерлер беш ирандык жаранды кармаган, Тегеран аларды ирандык дипломаттар болчу деп билдирүүдө, бирок америкалык тараптын айтымында, алар Иракка атайын жиберилип, жергиликтүү согушкерлерди машыктырган тыңчылар болчу.

Хазалинин тобу болсо ошол эле январдын жыйырмасында Ирактын Кербала шаарындагы америкалык аскерлерге кол салып, беш адамды барымтага алууга аракеттенген. Кийин алар - туткунга алынган беш ирандык адамга алмаштырылат деп пландалган, бирок чабуул учурунда ал план ишке ашпай баратканда, согушкерлер беш америкалык аскерди өлтүрүп салган.

Ал окуядан кийин Ирактагы өкмөттүк жана америкалык аскерлер Хазалинин артынан түшүп, акырында аны 20-мартта кармаган. Туткунга түшкөндөн кийин Хазали өзүн дудук кылып көрсөтүп амалданган, бирок анын ким экени жөнүндөгү далилдер жетиштүү көрсөтүлгөндөн кийин, генерал Бергнердин айтымында, баарын айтып берди.

Тегерандын алдында үч атайын машыгуу жайы уюштурулган жана Ирактан келген согушкерлерди ал жерде машыктырууга - Хазали менен кошо колго түшкөн Дакдук өзү катышкан. Бергнердин айтымында, анын баары Ирактын жогорку жетекчилигине белгилүү болгон.

Ирактагы согушкерлерге Иран жардам көрсөтүп жатат деп өткөн аптада Нью-Йорк шаарындагы конференцияда АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы адмирал Майкл Макконнел дагы билдирди. Ага чейин ошондой эле күнөө менен мамлекеттик катчынын орун басары Николас Бөрнс да чыккан.

XS
SM
MD
LG