Мындан алты жыл илгери түзүлгөн чөлкөмдүк проблемаларды, тактап айтканда чек ара, коопсуздук, экономикалык – маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн уюмдун катары жыл санап арбыгандан-арбып баратыр. Шаңхай кызматташуу уюму коопсуздук маселесин, эларалык жанкечтилик, диний чаарбаштык, ич ара бөлүп-жаруучулук, жикчилдик сындуу коогалаңдарга чогуу каршы туруу аракетин көрүп келатат.
Эларалык жанкечтиликтин кээрин Кыргызстандын өзү деле 1999-2000-жылдары жонтериси менен сезип, Баткен алааматын башынан кечирген. Чөлкөмдү кооптонкон маселе - Ооганстандагы абал ушу азыр да тынчыбай турган кези. Кырдаал чынында эле курч кылоосунан жанбай турганын Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев Бишкекте өткөн Шаңхай кызматташуу уюмунун коргоо министрлеринин кеңешмесинен соң мындайча маалымдаган.
- «Алькаидачылар», талибдер, Өзбекстан ислам кыймылчылары июль айынан тарта катуу аракетке өтүшү мүмкүн деп ойлойбуз. Анын Фергана өрөөнүнө таасири тиеби же жокпу дегенге келгенде бизди кооптонткону Өзбекстан ислам кыймылы болууда.
Коопсуздук проблемасы кыйладан бери диний чүмбөткө жамынып, караниет күчтөрдүн аракети жылдан-жылга күчөп баратканын Кыргызстандын ички иштер министри Болотбек Ногойбаев да ырастады.
- Кийинки он жылда, ачык айтканда, диний чаарбаштык аябай күчөп кетти. Диний чаарбаштардын таасирине азгырылгандар көбөйүп кетти.
Алдагыдай шартта Кыргызстандын чөлкөм коопсуздугун сактоо боюнча «Шаңхай» кызматташуу, Жамааттык коопсуздук боюнча келишим сындуу эларалык уюмдарга мүчө болушунан эч кандай кынтык издөөнүн кажаты жок, дейт «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева. Анын ырасташынча, Кыргызстан уюмга киришинен пайдадан башка зыян көргөн жок.
- Ушу чөлкөмдө коопсуздук жагынан, экономика жагынан, соода-кызматташтык жагынан Кыргызстан көп пайда көрө турган уюм болуп жатат.
Р.Отунбаева кийинки кездери Кыргызстандагы АКШ аскерий базасы, Шаңхай кызматташуу уюмунун айланасында оголе көп саясий чайкоочулуктар болуп жатканын, ойлонбостон от менен ойногондор арбып баратканын билдирди.
- Биздин чөлкөмдө Американын базасы боюнча көрүп жатабыз, Шаңхай кызматташуу уюмунун тегерегинде абдан көп чайкоочулуктар бар. Тегерегибизде от менен ойногон же болбосо жакшылыкты каалабагандар арбын.
Кыргызстан Шаңхай кызматташуу уюмуна мүчө. Бул жагдай анын тышкы саясатынын негизги багыттарын өзгөртпөгөндүгүн Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да бекемдеди.
- ШОС блок эмес да НАТОдой. Эгер блок болсо кооптонсо болот эле. Менин оюмча, мунун биздин мамлекетибизге пайдасы чоң. Бул биринчиден. Экинчиден, ушул уюмда биздин аброюбуз канчалык чоң болсо, уюмга мүчө мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды өнүктүрсөк, ошончо Батыш мамлекеттери менен мамилебиз күчөйт.
Ушу тапта Бишкекте алдыдагы чоң жыйынды өткөрүү боюнча даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси да мына ушул максатты көздөйт.