Кызыл мечиттин жетекчилиги акыркы жарым жылдан бери Пакистанда шариат тартибин орнотууга чакырып келген. Анын алдындагы медресенин студенттери болсо шаар көчөлөрүнө чыгып, туура эмес кийинген кыз-келиндерди кармап, алар менен сүйлөшүп, уятсыз сүрөттөр чыккан журналдар менен видеокассеталарды өрттөп, Пакистандын бүткүл калкын исламдык коом курууга чакырган. Өкмөттүн айтымында, алар айрым полициячыларды дагы кармаган.
3-июлда болсо мечит менен коопсуздук кызматтары ортосунда ачык тирешүү башталды, биринчи эле күндөгү кагылышуудан 16 адам набыт кетти, полиция имаратты курчоого алды жана анын айланасындагы дубалдын айрым жерлерин бузду. 4-июлда мечиттин ичинен бир миң бир жүздөй адам чыгып, бийликтин колуна багынып берди. Аял кийимин кийип, качып жашынууга аракеттенген мечиттин имамы Абдул Азиз кармалды жана ал сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, имараттын ичиндегилерди багынууга чакырды.
5-июлда дагы элүүдөй адам багынды, бирок мечиттин ичинде калгандарга жетекчилик кылган Абдул Азиздин бир тууганы Абдул Рашид Гази бийликке кайрылып, багынгандарды жазалабоону жана анын өзүн энеси менен кошо мечиттин ичинде калтырууну суранды. Айрым журналисттерге болсо Гази телефон аркылуу - өз ишеними үчүн динаятчылар менен студенттер өлгөнгө дагы даяр экенин жана имараттын ичинде азыр алтымышка жакын өлүк бар экенин билдирген. Бийлик болсо - иамараттын ичиндегилер эч шарт койбостон багынууга тийиш деп айтууда.
Мечиттен чыккандардын билдиргенине караганда, Гази жертөлөдө жашынууда жана анын жанында такай жыйырмага жакын кыз-келин жүрөт, эгер ок атылса, ошолор биринчи курман болушу мүмкүн. Бардыгы болуп үч күндүн ичинде 19 адам өлгөнү жөнүндө айтылууда.
Эксперттердин пикиринде болсо Кызыл мечит жана анын студенттери Пакистан бийлигине өтө деле чоң коркунуч түзгөн эмес жана ага каршы катуу чара көрүү менен бийлик саясий оппозицияга белги берип жатат. Президент Первез Мушарраф үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку соттун төрагасы Ифтихар Чаудхрини кызматтан алган жана аны менен байланыштуу оппозиция ар башка каршылык аракеттерин өткөрүүдө.
Аны менен катар АКШ жетекчилиги дагы Пакистанга басым жасап, саясий тартипти жумшартууну талап кылып жатат - өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана Пакистандан качып чыгууга аргасыз болгон мурдагы өкмөт башчылары Беназир Бхутто менен Наваз Шариф өлкөгө кайтып келип, саясий аракеттерге катышууга укук алышы керек. Айрым эксперттердин пикиринде, Пакистандагы тартип жумшарса, ал эмнеге алып келээрин Кызыл мечит айланасындагы чатак көрсөтүүгө тийиш.
Өлкө түштүгүндөгү Карачи шаарында болсо 5-июлда ири митинг болуп, ага катышкандар - Кызыл мечитте жашынгандардын бийликке багынышын талап кылды. Өкмөттүн айтымында, багынган жаш балдар менен аялдар жазаланбайт, калгандарга каршы болсо мыйзам чегинде аракеттер көрүлөт. 6-июлда Белужистан провинциясына учуп чыккан президент Мушарраф болсо - мечитке каршы күч колдонбой турууга буйрук берди.