Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

МУКАР ЧОЛПОНБАЕВ: ЭЛЕКТРСТАНЦИЯЛАР КИМДИН КОЛУНДА БОЛСО, СУУГА ОШОЛ КОЖОЮН БОЛОТ


“Кыргызстанды сактоо” патриоттук кыймылынын Кеңешинин мүчөсү, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев Камбарата 1-2 ГЭСтеринин айланасында суу жана энергетика саясаты тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Мукар мырза, парламент жакында Камбарата ГЭСтерине байланышкан мыйзам долбоорун бир канча талашып тартышуудан соң кабыл алды. Бүгүнкү күндө бул маселенинин айланасында нааразылыктар да болбой койгон жок. Сиздин оюңузча аталган ГЭСтерди чет элдик инвесторлор аркылуу куруу эмнеге алып келет?

- Бул Камбарата ГЭСтеринин тегерегиндеги маселе бүгүнкү күндө өтө маанилүү болуп калгандыгы жалган эмес. Анткени суу жана энергетика маселеси Кыргызстандын бүгүнкүсү, эртеңкиси жана келечеги. Баарыбызга белгилүү кыргызда жакшынакай макал бар “Эл башы болгончо, суу башы бол” деген. Кыргызстан үчүн Камбарата ГЭСинин эки чоң мааниси бар, биринчиден бул энергетикалык көз карандылыктан кутултушу мүмкүн, анткени бул ГЭСтер Токтогул ГЭСине салыштырмалуу кубатуулугу жагынан бир жарым эсе көбүрөөк электр энергиясын бере алат. Экинчи маанилүү жагы - бул Камбарата ГЭСтерин ким салса электростанциялардын иштешин ошол жөнгө салат, бул станциялардын иштеши үчүн сууну агызуу керек же токтотуу керек. Демек, бул курула турган электростанцияларга ким кожоюн болсо, мына ошолор суу башы болуп калат. Суу башы болгондон кийин алар сууну же берет, ошондой эле бербей да коё алат. Демек ушундай абал түзүлгөндө Фергана өрөөнүндө жашаган калк, өзбек элине чоң кыйынчылык түзүлүп калуу маселеси курчуйт. Эгер бул ГЭСтерге Орусия же Казакстан ээ болуп калса биздин бүгүнкү күндөгү кандайдыр бир деңгээлдеги достук мамилебизге карабастан, эгер Борбор Азиядагы сууну көп керектеген Өзбекстанга суу берилбей калган учурлар болсо, Кыргызстан аргасыздан бул чөлкөмдөгү чоң мамлекеттердин ортосундагы кайсы бир карама-каршылыктарга өзүнөн өзү катышып калат.

-Кечиресиз, Мукар мырза. Бул Камбарата 1-2 ГЭСтеринин че өлкөлүк каржылоочу тарапка берген учурда ишкананын 51 пайыз акциясын Кыргызстан өз колунда крмап турат деп айтылып жатпайбы. Бул Кыргызстан суу ресурстарына толук ээлик кылып, сууну бөлүштүрүү, электр энергиясын өндүрүүнү өзү чечет деген чечимдин артында башка дагы бир саясат жатат деп ойлойсузбу?

- Мен башка саясат жатат деп ойлойм. Жалпы дүйнөгө тааным макалды “ким музыкага төлөсө ал музыканы заказ кылат” кылат дегенди биз да унутпашыбыз керек. Электр станциялардын ким кожоюну болсо ошол сууну бөлүштүрөт. Маселенин маңызы ушунда турат. Мындай нерсеге Кыргызстан кабылып көргөн, мына Кумтөр менен келишим түзүлүп жаткан кезде баалуу кагаздардын 66 пайызы Канаданыкы деп айтылды эле, мына азыр 15 пайыз акцияга да ээ боло албай турабыз. Ал эми 51 пайыз Кыргызстандыкы, калган 49 пайыз каржылоочу тараптыкы дегендин өзү бул долбоорлордун натыйжасы кандай болоорун көрсөтүп эле турат. Мына ушунун өзү бул иште башка бир адамдардын, башка бир мамлекеттердин кызыкчылыктары бар экендигин ачык эле. Мындай болбогон учурда эмне үчүн ошол ГЭСтерди мамлекеттик акционердик коом кылып кайра түзүп, мамлекеттик акцияларды фонддук биржалар аркылуу сатууга болбосун. Дагы бир башка шарт ошол салына турган ГЭСтердин өзүн күрөөгө коюп ипотекалык кредиттерди алып бул ГЭСтердин курулушун бүтүрүүгө болбосун. Андан кийин өндүргөн электр энергиясын сатып алынган кредиттерден кутулууга эмнеге болбосун. Мунун бардыгын жасоого болот. Бирок биздин өкмөт чет элдик каржылоочулар табылды, Орусия алсын, Казакстан алсын деп эле бир чечимде туруп калды. Демек, бул чечимдин артында башка кызыкчылыктар тургандыгы көрүнүп эле турат.

-Депутаттык корпуступ мүчөлөрү бул ГЭСтердин курулушунан тартып ишке берилген учурда дагы катышып, өз көзөмөлдүгүн жүргүзүп турат деп айтылууда. Ушул энергетикалык долбоор башталганда парламент канчалык деңгээлде таасир эте алат?

- Чоң саясатчылар айткандай чоң саясатта туруктуу достор же туруктуу душмандар болбойт, туруктуу кызыкчылык гана болот. Депутаттардын бүгүн ошондой кызыкчылыгы бар, ал эми эртең алардын кызыкчылыгы кандай өзгөрөөрүн ким билет. Буга биз өзүбүз күбө болдук, адегенде депутаттар Камбарата 1-2 тууралуу мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшту. Эки күндөн кийин ошол эле биздин мыйзам чыгаруучулар токсон сегиз пайыз менен бул мыйзам долбоорун колдоп беришти. Демек, бул депутаттарга ишенич жок экен да. Макул, бул депутаттар өз убадаларына турду дейли, ал эми эмки парламентте келе турган депутаттар ошондой убада берип келеби же жокпу белгисиз. Демек, депутаттар тарабынан туруктуу ишенимдүү көзөмөлдүн болушу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө бул маанилүү экономикалык маселени саясатка айландырып чечип жатышат, эртең деле саясат болбойт деп ким кепил боло алат? Мени өтө өкүнткөн нерсе - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө эки миң эки жүз жыл болду дегенибиз менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттик аткаминерлердин, жетекчилердин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө кызыкпай тургандыгына бардыгыбыз күбө болуп турабыз.

-21- кылымда Борбор Азиядагы аймактык суу дипломатиясы кандай мүнөзгө ээ болушу керек? Чөлкөмдүк суу саясатында Кыргызстандын ролу кандай болушу керек деген ойдосуз?

- Эми Борбор Азияда Кыргызстан өзүнүн суу байлыгы боюнча экинчи орунда Тажикстандан кийин тураары белгилүү. Эгерде сууга мамлекеттик бийлик жана эл байлык катары мамиле кыла турган болсо анда биз ага өтө чоң маани беришибиз керек. Мисалы? коңшу Өзбекстан менен Казакстан жер алдынан газ өндүрүп аны бизге сатып жатпайбы. Эгерде Кыргызстандагы, Тажикстандагы мөңгүлөрдөн түшкөн суулар жөн эле арыктарда агып жаткан болсо, ошол сууну токтотуп, жыйнаганга эч кандай каражат кетирбесек сууну башка мамлекеттерге эркин эле бере берүүгө болот эле. Учурда Кыргызстан өтө көп каражаттарды сарптап, жер аянттарын бузуп суу сактагычтарды, ГЭСтерди куруп сугат маалында сууну коё берип, башка учурда сууну токтотуп топтоп жатпайбы. Демек, суу бул товар да. Биз товарга, байлыкка өз баасы менен мамиле кылышыбыз керек. Башка мамлекеттер менен дагы ушундай шартта сүйлөшүүбүз керек. Албетте, чөлкөмдөгү коңшулардын дагы кайсы бир өлчөмдө ушул суу ресурстарынан пайдаланууга акысы бар. Бирок бардыгы тең укуктуу, бири-бирине түшүнүү, тараптарга тең пайда алып келе турган деңгээлде суу ресурстарын коңшуларга байлык, товар катары берүү менен Кыргызстан аймактагы суу саясатын жүргүзүүсү зарыл.

-Сөзүңүзгө аралжы, эгер Кыргызстан аймактагы суу саясатын туура жүргүзбөсө Борбор Азиядагы балким келечекте суунун тегерегинде келип чыкчу чыр-чатактардын булагы болуп калат деп ойлойсузбу?

- Албетте! Ушул өтө чоң коркунуч турат. Суунун башында Кыргызстан өзү кала турган болсо анда коңшулар менен суу алакасын чечүү мүмкүнчүлүгү сакталып калат. Эгерде сууну бөлүштүрүү, пайдалануу маселесин башка күчтүү мамлекеттер Кыргызстандын аркасында туруп чечсе анда биздин өлкө бул аймактык суу саясатында жөн гана курал болуп калат.

-Рахмат, Мукар мырза.

Гүлайым Ашакеева, Бишкек

XS
SM
MD
LG