Советтер союзунун гимнинин коштоосунда башталган бул митингдин катышуучулары “Бизге ачык асман керек!”, “Киши өлтүргүч аскер жоопко тартылсын“, “Американын базасы кетсин”, “Иранда согуш болбосун” “Коммунисттер америкалык базага каршы” деген жарнактарды колдоруна кармап, “Янки гоу хоум!” , “НАТО кетсин !” деп кыйкырып жатышты.
Бул митингдин расмий катышуучулары Америкалык аскерий базаны чыгаруу коомдук бирикмеси, Кыргызстан Коммунисттер, Либералдык- прогрессивдик, «Содружество» жана пенсионерлер партиялары, “Согласие” деп аталган орусиялык мекешдештердин Совети, Советтик офицерлердин эл аралык союзу жана Ивановдордун үй бүлө мүчөлөрү болуп отузга чукул киши “Манас” авиабазасынын алдында турушту.
АКШнын базасын Кыргызстандан чыгаруу үчүн уюшулган коомдук бирикменин жетекчиси Александр Типеров митингди мындайча баштады:
“Бул база Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө. Америкалык база ошондой эле Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин коопсуздугуна, жалпы дүйнө жүзүнө да коркунуч туудурууда. Авиабаза терроризмге каршы болсо дагы бул аскерий базанын учактары коңшу Афганистандагы бейпил кыштактардын жашоочуларын боордош өзбек, тажик, кыргыздарды бомбалап жатышканын биз билебиз. Булар терроризмге каршы күрөшөбүз дегени менен Түндүк Атлантикалык аскерий блоктун өнөктөшү болгон АКШнын гана геосаясий кызыкчылыгын көздөөрү баарыга белгилүү”,- деп бул митинге дагы “Манас” аба майданына коңшу жайгашкан Октябрьское, Мраморное айылдарынын жашоочулары да келип кошулаарын айтты.
Митингдин катышуучулары америкалык базаны Кыргызстандан чыгарып кетүү, кыргыз жараны Александр Ивановду атып өлтүргөн америкалык жоокер Закари Хэтфилдти жазалоо, аскер базанын жергиликтүү экологиясына тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайы комиссия түзүү тууралуу талаптарын билдиришти.
Александр Типеров бул талаптар жазуу түрүндө америкалык аскер базанын жетекчилигине жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылгандыгын да айтып өттү. Эки сааттай созулган митинге АКШнын аскер базасынан эч ким сүйлөшүүгө чыккан жок.
Жогорудагыдай талаптар менен өткөрүлгөн митингдер өткөн айларда да болгону жалпыга маалим. Деги эле Кыргызстан үчүн башка өлкөнун аскерий базасынын жайгашуусу кандай мааниге ээ экендигине Токтогул Какчекеев, Кыргызстандагы Политологдор Ассоциасынын директору өз оюн төмөнкүчө бөлүштү:
“Бул жердеги коогалуу нерсе, мисалы Кытай Шанхай Кызматташтык Уюмунун чегинде өз аскерий базасын ачууну сунуш кылышы да мүмкүн. Кытайдын базасы да, Орусиянын, Американын базалары бардыгы тең Кыргызстанда болсун деген ой менен. Ошондуктан Кыргыздын алакандай жери чоң мамлекеттердин бири-бири менен талам талашуу жана тирешүү жолуна күбө болуп калат. Бул болсо Кыргызстанга эч кандай жакшылык алып келбейт”,- дейт саясат таануучу.