Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

ШАНХАЙ УЮМУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУКТУ


Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин отуруму болуп өттү. Бул иш-чара алдыда боло турган саммитти утурлай өткөрүлүп, анда министрлер саммиттин күн тартибине киргизилчү маселелерди аныкташты. Отурумдан кийин министрлер журналисттердин суроолоруна жооп берип, Шанхай кызматташтык уюмунун мааниси, ага мүчө өлкөлөрдүн геосаясий жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү.

Отурумда каралган маселелер тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев журналисттерге маалымат берди. Анын айтуусунда жыйындын жүрүшүндө 16-августта өтүүчү саммиттин күн тартиби бекитилди жана мамлекет башчылардын кароосуна бир катар келишимдердин долбоорлору сунуш кылынды:

-Саммиттин күн тартиби жана кол коюлуучу документтер бекитилди. Кол коюлуучу документтердин негизгиси – узак мөөнөттүү достук, кызматташтык тууралуу келишим. Бул келишим уюм алкагындагы достук, өнөктөштүк ишенимин документалдуу түрдө бекемдейт, - деп билдирди Эднан Карабаев.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн геосаясий, экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана достук, кызматташтык мамилелерине уюмдун тийгизүүчү таасири боюнча жыйындын башка катышуучулары да белгилеп кетишти.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров ШКУ ага мүчө өлкөлөрдүн баарынын бирдей кызыкчылыгынын негизинде түзүлгөндүгүн белгиледи:

- Алардын чек аралары тынчтыктын, достуктун, кызматташтыктын жана байгерчиликтин чек аралары болууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн жана кызыкчылыктан улам биздин өлкөлөрдүн жана биздин элдин кызыкчылыгы үчүн бул жараян жүрүп жатат. Албетте, биз эл аралык коопсуздук маселелерине да көңүл бурабыз жана алар боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алабыз.

Бүгүнкү кеңешмеде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн достук жана кызматташтыгы тууралуу келишимдин долбоору даярдалды. Аталган долбоор мамлекет башчыларынын кароосуна коюлмакчы.

Кытай тышкы иштер министри Ян Цзечи кол коюлуусу күтүлүп жаткан келишимдер ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бири-бирине болгон саясий ишенимин бекемдеп, алардын соода-экономикалык жана байланыш кызматташтыгын күчөтөт деди:

- ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн баары БУУнун уставдарынын жана эл аралык мамилелер нормасынын сакталышын көздөйт. Бул бизге аймактагы жана аны менен бирге эле жалпы дүйнөдөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү, өнүгүүнү сактоого мүмкүнчүлүк берет, - деди Ян Цзечи.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында ага мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташуусун андан ары тереңдетүү маселелери да каралмакчы.

Казакстандын тышкы иштер министри Марат Тажиндин белгилөөсү боюнча 2004-жылдан бери бул өлкөлөрдүн ичинде автокоридор куруу жана эркин соода аймагын түзүү боюнча маселелер каралып, бир катар долбоорлор иштеп жатат. Анын айтымында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода алмашуу жылына 50 млрддан ашуун долларды түзөт.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери август айында боло турган саммиттин катышуучуларын тосуп алуучу Бишкек шаарынын даярдыгын канааттандырарлык деп баалашты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG