Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

УКРАИНАДА НАТОнун АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Украинанын Кырым жарым аралынын жээгинде 9-июлда НАТО уюму менен биргелешкен аскерий машыгуу башталды. Ага 13 мамлекеттин аскерлери катышууда жана машыгуу 22-июлга чейин уланат. Антинатолук митинг-демонстрациялардан улам былтыр мындай машыгуу болбой калган.

Он үч күнгө улана турган жана "Си бриз", же "Деңиз желаргысы" деп аталган машыгууга негизинен НАТО уюмуна мүчө же мүчөлүккө умтулган өлкөлөр: Азербайжан, АКШ, Алмания, Армения, Грекия, Грузия, Канада, Латвия, Македония, Молдова, Румыния, Түркия жана Украинанын аскерлери катышууда. Орусияга дагы чакыруу жиберилген, бирок Маскөө ага жооп берген жок.

Украинанын деңиз жээгиндеги мындай машыгуулар биринчи жолу мындан 10 жыл мурда АКШ менен Украина ортосундагы аскерий кызматташуу программасынын алкагында өткөрүлгөн жана аларга Маскөө тараптан жылдар бою көп деле көңүл бурулчу эмес, бирок Украинада 2004-жылы өткөрүлгөн президенттик шайлоо жана өзгөчө Маскөө менен Киев ортосунда 2005-жылдын аягында жаратылыш газы боюнча чатак чыккандан кийин былтыр Кырымда антинатолук ири демонстрациялыр болуп өткөн. Натыйжада машыгууну даярдаган уюмдар аны өткөрүүдөн баш тарткан - май айынын аягында Кырымдагы Феодосия портуна америкалык кеме келип, машыгууга катыша турган аскерлер менен техниканы жеткиргенде, ага каршы көптөгөн митингдер өтүп, жолдор тосулгандыктан, маселени ырбатпас үчүн америкалык аскерлер кетип калган.

Быйылкы машыгуу Николаев портунун айланасында өтөт, шаардын соту жакында атайын чечим чыгарып, каршылык аракеттерине тыюу салды, бирок митинг-демонстрациялар Одесса жана башка шаар-кыштактарда өтүүдө. Андай митингдерди негизинен коммунисттер жана Орусиянын саясатын жактаган уюмдар даярдап жатат.

Украинанын коргоо министри Анатолий Гриценконун айтымында, машыгууга тоскоолдук түзүү - мыйзам бузгандык болуп эсептелинет: "Президент, өкмөт жана парламенттен турган борбордук жетекчилик бар, алар бул мыйзамдуу чечимди бекитип, мамлекеттин кызыкчылыгында, аскерий күчтөрдүн кызыкчылыгында машыгуу өткөрүүгө жол ачты. Конституция боюнча каршылык аракеттерин же демонстрацияларды өткөрүүгө жарандардын укугу бар. Бирок бул машыгууга тоскоолдук түзүүгө эч ким укуктуу эмес, андай аракет көргөндөр - мыйзам бузган болот жана тартип коргоо уюмдары мыйзамды коргойт", - дейт министр.

Быйылкы машыгуу жөнүндө үстүбүздөгү жылдын 29-майында Украина парламенти атайын токтом кабыл алган. Машыгуу негизинен тынчтык орнотуу аракеттерине арналат, анын алкагында аскерлер деңиз үстүндө жана суу астында, андан тышкары Николаев шаарынын алдындагы атайын машыгуу полигонунда кайсы бир аймакта куралдуу кагылышуу чыкса, аны кантип токтотуу жана касташкан тараптарды бир-биринен бөлүп-тынчтандырып, стабилдүүлүк орнотуу ыкмаларына үйрөнөт.

Машыгууну 9-июнда Одесса шаарында Украина адмиралы Виктор Максимов менен америкалык полковник Роберт Кларк ачты. Окууга 22 кеме, алардын он үчү - украиналык, тогуз учак жана бардыгы болуп эки жарым миңге жакын аскер катышууда. Эксперттердин айтымында, он жыл ичинде болуп өткөн машыгуулардын ичинен быйылкы окуу - эң ири окуя. Анын негизги бөлүгү 15-19-июлда өткөрүлөт жана ар башка мамлекеттердин деңиз жана аба күчтөрү беш күн бою тынчтык орнотуу аракеттерине машыгат.

XS
SM
MD
LG