Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

АРАП ЛИГАСЫ ИЗРАИЛГЕ ТАРЫХЫЙ ВИЗИТ ЖАСАЙТ

Коога-калабанын кара түнөк аймагы аталган Жакынкы Чыгыштан акыры куш кабарлар угула баштады. Израилге алдыдагы бейшембиде 22 өлкөнү бириктирген Арап мамлекеттер лигасы биринчи ирет өзүнүн делегациясын жөнөткөнү жатат. Делегацияга Израил менен кеңири пландагы тынчтык демилгелерин, ал эми палестин автономиясы менен “Хамаска” жана башка экстремисттик кыймылдарга байланышкан маселелерди талкуулоо озуйпасы жүктөлдү. Бул визит региондо дипломатиялык аракеттерди кайра жандантуу үчүн жүйүр кадамдар башталар алдында жасалганы жатат.

Жекшемби күнү Израил палестиналык 250 туткунду түрмөдөн бошотууга макул болгон эле. Ушуга удаалаш эле Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса уюмдун атынан Иерусалимге бейшемби күнү атайын делегация жөнөтүлө турганын жарыялады. Атап айтканда, Иорданиянын жана Египеттин тышкы иштер министрлери бу жерде Израилдин ырасмий өкүлдөрү менен жолугуп,сүйлөшүүлөр өткөрөт.

Палестинада адам укуктарын көзөмөлдөгөн топтун жетекчиси Бассем Ейд делегация мүчөлөрү израил премьери жана өкмөтү менен алдыдагы тынчтык процессин, ал эми палестин администрациясы, президент Аббас менен “Хамастын” жана “Фатхтын” ортосундагы чатакты талкуулай турганын айтып, баары – палестиналыктар менен израилдиктер - бу визиттин жемишин татабыз деп үмүт кылып жатканын билдирди. Израил тышкы иштер министрлигинин өкүлү болсо Арап лигасы илгертен бери жөөт мамлекетине кастарын тигип келгенин эске салып, эми Иерусалимде биринчи ирет арап өлкөлөрүнүн желектери көтөрүлө турганын белгиледи.

Арап лигасы менен Израил өкүлдөрүнүн жолугушуусунда негизинен 2002-жылы Сауд Арапстан сунуш кылган “арап планы” деп аталган демилгенин тегерегинде сөз козголот. Бу пландын ток этер жери мындай: эгер Израил 1967-жылдагы согушта басып алган жерлерди оккупациядан бошотсо, аны жалпы арап лигасы ырасмий түрдө таанымак. Израил учурунда бу сунушту четке каккан, эми болсо өз позициясын биртке өзгөрткөнгө макул шекилди. Буга аны региондо Ирандын күч алып бараткан таасири, айрыкча палестин жергесиндеги соңку окуялар мажбур кылган сыяктанат. Автономия азыр иш жүзүндө экиге бөлүнүп, президент Махмуд Аббастын бейдинаятчыл “Фатх” кыймылы Иордан дарыясынын батыш жээгин гана көзөмөлдөп,ал эми Газа тилкеси үч аптадан бери толугу менен хамасчылардын колунда турат.

Хамасчылардын козголоңунан соң Израил АКШ жана Евросоюз менен биргелешип Махмуд Аббастын өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү чечти. Мунун ырастамасы катары байкоочулар жекшемби күнү Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни айым Иерусалимде автономиянын жаңы өкмөт башчысы Салам Файад менен жолукканын айтып жатышат. Сүйлөшүү учурунда жалпысынан автономиядагы кырдаалга байланыштуу маселелер талкууланганын ырастап, Ливни автономиянын жаңы өкмөтү палестиналыктар үчүн жакшы келечек түзө аларына ишене тургандыгын билдирди.

Байкоочулар бейшембиде Арап лигасы менен Израил делегациялары тарыхый жолугушуу өткөргөн соң региондогу дипломатиялык процесс кыйла активдешерин айтышууда. Жакынкы Чыгыштагы эл аралык төрт арачы – АКШ,Улуттар Уюму,Евросоюз жана Россия – жакында жаңы дайындалган өз өкүлү, Британиянын мурдагы премьери Тони Блэр менен бирге Каирде израил жана палестин өкүлдөрү менен эмдиги аптанын башталышында жыйынга чогулууну болжолдоодо. Буга тушташ регионго АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келгени жатат.
XS
SM
MD
LG