Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

ОППОЗИЦИЯНЫ АЛСЫРАТУУ АРАКЕТТЕРИ БОЛУП ЖАТАБЫ?


Апрель митингдеринде массалык тартипсиздиктерге катышкан деген айып менен камакка алынган айрым жарандардын иши сотко өттү. Нааразылык акцияларына катышкан деп саналган Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин соту Бүгүн Бишкектеги 1-Май райондук сотунда болмок. Бирок айыпталуучуларды сотко апкелүүгө мүмкүндүк болбогонуна байланыштуу ишти кароо 13-июлга калтырылды. Айыпталып жаткандардын жакындары жана укук коргоочулар бийлик муну менен саясий куугунтук жасап жатат деген ойду айтып жатышат.

Апрель митингдеринин катышуучулары деп саналган Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевге Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү боюнча зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралды, жардыруучу заттарды пайдалануу менен, бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык тартипсиздиктерге катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Бирок айыпталуучулардын жакындары жана укук коргоочулар бул берене менен кылмыш ишин козгоо аша чапкандык деп санашат. Жоопко тартылып жаткандардын бири – Жолдошбек Абдиевдин жакын тууганы Гүлсайра Сариева бул берене менен кылмыш иши 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүшкө катышкандарга козголууга тийиш деп эсептейт:

-24-мартта Акаевди кетирип, такка отурушту. Ошол күнү не деген талкалоолор болбоду..? Канчалаган машинелер өрттөлдү, канча киши өлдү.? Мына ошондо чыныгы баш-аламандык, чыныгы тартипсиздик болгон. Эмне үчүн ошондо тартипсиздик кылгандарды соттогон жок, аларга кылмыш иши ачылган жок. А түгүл административдик чаралар да көрүлгөн эмес. Ал эми 19-апрелге карата мунун баарын жасап атат, -дейт Гүлсайра Сариева.

Жолдошбек Абдиев менен Эркин Акназаров 3-майдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу камоочу жайында жатышат. Жолдошбек Абдиевдин апасы Залиха Абдиева баласынын үстүнөн сот иши болорун маалымат каражаттары аркылуу гана угуп келгендигин
“Азаттыкка” айтты.

Укук коргоочулардын айтуусунда апрель митингдери учурунда массалык баш-аламандыкка катышкан деген айып менен учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу камоочу жайында ондогон жарандар жатат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова өз оюн эркин билдирип чыккан жарандарды минтип куугунтуктоо бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук, ушундай жол менен атайылап элдин үшүн алуу болуп жатат деп эсептейт.

Апрель митингдерине катышкандарды куугунтуктоо болуп жатат деген пикирлерди расмий бийлик тарап дагы деле четке кагып келет. Президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы Нурланбек Шакиев мындай сөздөрдүн баары жок жерден чыгарылган, мыйзамды бузган адамдар мыйзамдын чегинде жоопко тартылууга тийиш дейт:

-Мыйзам бузулса, массалык тартипсизидкке жол берилген соң, күч органдары ага карата мыйзамдын чегинде сураганы туура деп эсептейм.

Ошентсе да байкоочулардын басымдуу бөлүгү апрель митингинен кийин бийлик оппозициялык күчтөрдү күзгө жеткирбей алсыратуу, аларга моралдык сокку уруп, кайратын сындырууну көздөп жатат деп айтып келишет. Буга мисал катары Таластагы нааразылык акциясынын кууп таратылышы жана ал жерде да бир нече адамдын камакка алынышы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG