Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

11-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1867-жылдын бу күнү Түркстан областы Түркстан генерал-губернатордугу болуп өзгөртүлүп, мындан тышкары Түркстан аскер округу уюшулган. 1914-жылдын 11-июлунда Б. Каганга Пржевальск шаарында китеп менен соода кылууга уруксат берилген.

Түркстан областы 1867-жылдын бу күнү Түркстан генерал-губернатордугу болуп өзгөртүлүп, мындан тышкаары Түркстан аскер округу уюшулган. Кыргызстандын түндүк аймагы жаңы курулган аскер, административдик бирдиктерге кошулган. Административдик реформага ылайык түндүк Кыргызстанда жергиликтүү башкаруу бийлик фунциялары учур талабы боюнча өзгөртүлгөн.

Полковник Ионов 1892-жылдын 11-июлунда бир рота казак-орустарды жана 2 замбирек алып Аличур суусунан аттанып, Бузул капчыгайына келген. Өргүүдө турган полковник Ионовдун отрядына аличурдук кыргыздар келишип, алар афган бийлигине нааразылык билдиришкен. Ошондой эле алар орус бийлигине афгандыктардын кысымчылыгынан коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Каган аттуу соодагер адам 1914-жылы Жетисуу аскер губернаторуна Пржевальск шаарында жергиликтүү окуу жайлар үчүн окуу китептери менен соода кылчу китеп дүкөнүн ачуу сунушу менен кайрылган. Соодагердин өмүр баяны Жетисуу администрациясы тарабынан кылдат иликтенип, акыры ар бир соода түйүнүнөн жергиликтүү бийликке киреше түшөөрү эске алынып, 1914-жылдын 11-июлунда Б. Каганга китеп менен соода кылууга уруксат берилген.

Пишпек уезддик II партиялык съезди 1919-жылдын бу күнү ишин аяктады. Курултайда аймакта орун алган ачкачылык, контрреволюциячыл күчтөрдүн каршылыгын жою сыяктуу маанилүү маселелер каралган.

Пржевальск уездик Кеңешинин V съезди 1920-жылдын бу күнү ишин баштады.

Ош уездинин III партиялык съезди 1921-жылдын бу күнү салтанаттуу ачылды.

Борбор шаардын калкты тейлөө пунктарынын жаңы иш графиги 1939-жылдын 11-июлунда бекитилген. Фрунзе шаардык кеңешинин чечимине ылайык борбордун ресторандары таңкы саат 8ден-түнкү 2ге чейин, дүкөн жана аптекалар таңкы саат 8ден-түнкү 12ге чейин иштемек болду.

Бу күнү БУУ тарабынан Бүткүл дүйнөлүк калк жайгашуу күнү белгиленип, 1700-жылы Германия Илим Академиясы негизделип, 1921-жылы Монголияда элдик бийлик орноп, 1903-жылы совет чалгынчысы Рудольф Абель жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG