Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ: АКШда БААРЫ ЖАКШЫ ДЕГЕНДЕН АЛЫСМЫН


Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков баштаган делегация “Ачык Кыргызстан” программасынын алкагында 24-июндан 6-июлга чейин АКШда расмий иш сапары менен болуп келди. Сапар учурунда Кыргызстандан барган делегация Флорида, Пенсильвания штаттарынын өкүлдөрү, конгрессмендер жана Мамлекеттик департаменттин Борбордук Азия региондору боюнча башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуу учурунда адам укуктары, эки тараптуу кызматташтык, “Манас” аба базасы, америкалык жоокер тарабынан атып өлтүрүлгөн кыргыз жараны Александр Ивановго байланыштуу маселелер козголду.

- Кубанычбек мырза, АКШга барган иш сапарыңыз тууралуу кененирээк айтып бересизби? Бул сапар кандай максатты көздөгөн эле?

-“Ачык Кыргызстан” деген программа ачылган экен. Бул АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. Өздөрү сынак өткөрүп, анын натыйжасында беш депутатты тандап алышты. Булар: мен, Алымбеков, Сабиров, Аскар Шадиев, Каныбек Иманалиев. Бул биздин биринчи иш сапарыбыз болду. Анын алкагында адам укуктары жөнүндө маселени талкуулап, АКШ менен Кыргызстан, эки өлкөнүн парламенттери орстосундагы мамилелер жөнүндө сүйлөшүп, Монтана штатында болдук. Ошондой эле Улуттук Гвардияга караштуу аскерий гарнизондо үч күн түнөдүк. Губернатор, конгрессмендер, Мамлекеттик департаменттин Борбордук Азия региондору боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана Пентагондун өкүлдөрү менен жолуктук. Башкача айтканда программа абдан кеңири болду. Мындан сырткары укук коргоочулар, ишкерлер, кыргыз студенттери менен дагы жолуга алдык.

-“Манас” аба базасы тууралуу маселе талкууландыбы?

- Аба база маселеси албетте талкууланды. Мен мисалы маселени кабыргасынан койдум. Сурадым алардан “Кыргызстанга аба базасы үчүн канча төлөп жатасыңар” деп. Алар болсо “Силердин өкмөтүңөр эмне үчүн эл-журтка айтпайт” дейт. Ошентип, эки-үч жолу сурап отуруп, жооп ала алдым. АКШ “Ганси” базасы үчүн жылына 17 миллион доллар төлөйт экен. Андан сырткары 20 миллион доллардан ашык акчага Кыргызстандан товар алабыз дейт. Ошол эле маалда мен дагы аларга айттым: “Булардын бардыгын Кыргызстандан алган жоксуңар. Силер товарларды Араб Эмираттарынан, Кытайдан, ичип жаткан сууңарды Франциядан ташып жатасыңар. Эмне үчүн Кыргызстандан толук албайсыңар?” дедим. Ошондой эле жоокерлердин макамы эмне үчүн элчиликтин кызматкерлеринин макамы менен бирдей десем, “Эми аны силердин мамлекет өзү кол коюп бербеди беле” дейт. Чындыгында бул биздин чоң кемчилик. Бул маселени кайра карап чыгышыбыз керек.

-Кубанычбек мырза, сиз конгрессмендер менен жолуктук дебедиңизби. Ошондо америкалык жоокер тарабынан өлтүрүлгөн кыргыз жараны тууралуу маселе козгоого мүмкүн болдубу?

- Кыргыздын жараны Ивановдун атылып өлтүрүлгөндүгүн конгрессмендерге айттык. Аларга ушундай маалыматтар керек экен. Сентябрдан баштап Конгрессте бул маселени карап чыкмай болушту. Андан соң, айрым аскер кызматкерлери биздин мыйзамдарды бузуп жатат дедим. Ошондой эле, мисал келтирдим: “Мен расмий адаммын. Дипломатиялык паспортум бар. Эгерде АКШнын мыйзамын бузуп койсом, мени камап коесуңар. Эмне үчүн жөнөкөй аскерлерде кол тийбестик макамы бар? Ким бул үчүн жоопкерчиликти алат” дедим. Ошол эле маалда мен айткым келет Орусиянын аскер базасы турат, андан бир тыйын төлөнгөн жок Кыргызстанга. Ал тургай коммуналдык-чарбалык бир топ маселелер үчүн Кыргызстан төлөп жатат. Ал эми бул аба базасынан Кыргызстанга 37 миллионго жакын доллар пайда түшүп жатат. Анын үстүнө мына талибан эмдигиче чейин тыйыла элек. Бизде дагы исламский фундаментализм деп коебуз, ошондойлор бар. Баткенде мурун өзүңүз билесиз, эмне болгонун. Ошон үчүн аскер базасы менин оюмча, азыр Кыргызстанга керек деп эсептейм. Анын үстүнө бир топ кишилер үчүн жумуш орду пайда болуп, ошол жерде иштеп жатышат. Бирок түшүп жаткан акча кайда кетип жаткандыгы жөнүндө өкмөт маалымат бериши керек. Аэропорт “Манаста” учак конгонуна 6 миң доллар, учканына 6 миң доллар төлөйт. Ошондой эле үч саатка чейин бекер, андан кийин көпкө чейин токтогондугу үчүн дагы төлөп жатат. Бул акчалар кайда кетип жатат? Эмне үчүн бюджетке түшпөйт, пайда алып келбейт, ушуну такташ керек.

-Рахмат, сизге дагы бир суроо. Иш сапарыңыздын жүрүшүндө Кыргызстандын АКШдагы элчилигине бардыңызбы?

-Бул өзгөчө маселе. Мен бүгүн президенттин администрация жетекчисине маалымдадым. Үч депутаттын ичинен эки вице-спикер барса, Кыргызстандын элчиси келип дагы койгон жок. Бирок мага “ошол күнү элчи Замира Сыдыкованын баласы мектепти бүттү эле, дасторкон жайып, ошол үчүн келген жок” деп айтышты. Ал кимге дасторкон жайып жүрөт? Жеке жумушун бүтүрүп жүргөн элчилердин кереги жок. Эртеси келет деди эле, мамлекеттик департаментте Кондолиза Райстын жардамчысына барабар кызмат жетекчилери, Пентагондон, Юстиция министрлигинен, конгрессмендер менен жолуксак, элчибиз басып дагы келген жок. Алар “Элчиңер кайда?” деп сурады. Эртеси кечинде мага чалып айтат: “Чай даярдап койдум эле, келип койгула” деп. Мен “Чай ичкени келген жокмун” дедим. “Сиз эмне үчүн келип катышпайсыз?” десем, “Мен президенттин кишисимин, президент мени шайлаган”,-дейт. “Биз эмне президенттин же элдин душманыбызбы? Мени дагы эл шайлаган” дедим. Мен бул жерге ойногону келген жокмун да.

Мисалы АКШнын Монтана штатындагы университеттерде Казакстандын студенттери бюджеттик негизде окуп жатышат. Ошол жерде элчиси квота алган экен, иштегендери көп Макдональдс, дүкөн, ресторандарда. Эмне үчүн биздин жарандарга ошол маселелерди чечип бербейт биздин элчи? Монтананын жетекчилери, губернатор дагы гуманитардык жардам берели деп жатышат. Көмүрдөн газ чыгарган маселени дагы айтып жатышат. Биз Өзбекстанга көз каранды болбой өзүбүздөн газ чыгып калса жаман болобу? Ошол жерде жүргөн биздин мигранттардын проблемасын караган эч ким жок. Эмне үчүн маданий күндөр өткөрүлбөйт? Достук мамилени бекитсек мындан эч жаман болбойбуз. Тышкы иштер министри бир-эки күндүн ичинде бошосо, мен расмий түрдө бул маселени көтөрөм, президентке дагы айтам. Андан сырткары сентябрда күн тартибине киргизип, отурумда карашыбыз керек. Президент айткан “Мен же премьер-министр барса, бир жылда бир тосуп коюп, башка эч иш кылбаган элчилер бар”,-деп. Мисалы Рина Приживойтту алалы. Болгар жаранына турмушка чыккан деп угуп жатабыз. Ал кимдин элчиси анда? Кыргызстандыкыбы же Болгардыкыбы? Бул нерсе элчинин макамына туура келеби же жокпу? Ошон үчүн революционермин деп эле билгенин жасай берген болбойт да...Революция болуп-болбогонун аны дагы тарыхтан карап көрүш керек. Бул жерде биз мамлекеттин кызыкчылыгына иштебеген элчилерден арылышыбыз керек.

-Демек сиз элчилердин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгат экенсиз да?

- Мен бул маселени мындайча коем: Ушундай элчиликтерге бюджеттен акча кетип жатат. Кимден кандай пайда түшүп жатат? Эмне үчүн инвестиция тартылбайт Кыргызстанга, экономикага пайда алып келе турган маселелер чечилбейт? Туризм багытында эмне үчүн иштешпейт, ошол жерде жүргөн маселелер эмнеге каралбайт жана окуу жайларына биздин студенттер бара албайт, жумуш орду жок кыргыздарга ал өлкөлөрдө? Анан ал жерге жатып алып өзүнүн маселесин чече берген туура эмес да. Андай болбойт, мындай элчилерден бошонушубуз керек

-Соңку суроомду узатсам, АКШ тууралуу кандай пикирде кайттыңыз?

- Американы толук демократиялык өлкө деп мурун ойлоп жүрсөм, азыр бул пикиримди өзгөрттүм. Себеби АКШнын 22 штатында өлүм жазасы ушул күнгө чейин алынып таштала элек экен. Статистикалык маалыматтарды карап көрсөм, атууга кеткендердин көпчүлүгү түстүүлөр, ынжы каралар экен. “Демек силерде дагы адам укугун бузуу сыяктуу көрүнүштөр болот турбайбы” десем, мойнуна алып жатышат. АКШда бардыгы жакшы деп айткандан алысмын.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG