Ирактагы америкалык контингенттин командачысы генерал Дэвид Петрэус менен АКШнын Багдаддагы элчиси Ряд Крокер жаңы стратегия кандай өтөлгө берип жатканы жана жалпы кырдаал тууралуу сентябрь айынын орто ченинен кечиктирбей Вашингтонго кең-кесири доклад даярдап,отчет берүүгө тийиш.
Президент Буш согуштун дурус жана буруш жактары жөнүндө ачык айтып, ак сүйлөп жаткандарды кубаттай турганын,бирок командачыга өз милдетин толук аткарганга мүмкүндүк берүү улуттук таламдарга ылайык келерин да белгиледи.
“Менимче, генерал Петрэус бу жерге келип, ал өзү жүзөгө ашырып жаткан жаңы стратегияга өз баасын айткыча конгресс чечим кабыл албай, күтө турууга тийиш”, - деп айтты Буш.
Быйыл жыл башында Буштун жаңы стратегиясын жактырып жатып, конгрессмендер менен сенаторлор ушул шартка макул болушкан эле. Анда эмне үчүн алардын жоон тобу позициясын өзгөртүп, шашкалактап жатышат?
Вашингтондогу Америка университетинин профессору Алан Ликтман саясат эки ачакей стандартсыз саясат болбой каларын, кээде ал үч, атүгүл төрт ачакей стандартка өтүп кетерин эске салды. Андыктан Ак үй менен конгресстин ортосундагы азыркы талаш-тартыштан ал шакабадан башка эчтеме көрбөйт. Мунун баары – эки тараптын тең бөйрөктөн шыйрак чыгармай оюну гана, дейт ал.
Бир тарабы, айрыкча демократтар бу согуш каталык болгон, ал максатына жетпейт, ошондуктан АКШ Ирактан кетиши керек деп эсептейт. Буш болсо анткен сайын өз башын ушул урушка байлап алгандай көрөт.
Вашингтондогу саясий борбордун эксперти Норман Орнстеин маселеге саал башкача карайт. Ал кантсе да бул талашта акыйкат Буш тарапта деп эсептейт.
“Мунун баары башталганда Буш белгилүү бир убакыт керек болорун, баарыдан мурда кошумча контингент алганга, андан соң жаңы стратегия иштейби же иштебейби – бу жагын байкап-баамдап көргөнгө атайын мөөнөт керектигин айткан”, - дейт Орнстеин.
Өткөн аптада АКШда өткөрүлгөн иликтөө он кишиден жетөө Ирактан америкалык аскерлерди чыгаруу идеясын жактай турганын көрсөттү.
Суралгандардын 62 проценти Иракка кошумча контингент жөнөтүп, Вашингтон каталык кетирди деп айтышкан. Буштун Ирактагы саясатын колдогондор өткөн айдагыдан да азайып, 29 процентти гана түзгөн.
Иракта болсо жаңы стратегиянын кандай иштеп жатканы анчейин деле актуалдуу эмес сыяктанат. Эң башкысы - америкалык аскерлер азыр чыгарылбашы керек, мындай болгондо Ирак кыямат-кайымда калат. Бу тууралуу өкмөт башчысы Нури ал-Малики такай айтып келатат.
Ал эми бир катар таасирдүү саясатчылар өткөн аптада диний жана улуттук жамааттарды террорчулардан коргонуу үчүн өздөрүнчө куралдуу бөлүктөрдү түзүүгө чакырышты.
“Өкмөт калктын коопсуздугун камсыз кыла албай калды, андыктан эл колуна курал алууга тийиш”, - деп айтты вице-президент Тарик ал-Хашими.