Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:39

М.НАМАЗАЛИЕВ: “БЛОГ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫН ӨЗГӨРТТҮ”


Төрөкул Дооров, Прага “Азаттык” берүүсүн интернет-технологияларга арналган интервью менен улантат. Кабарчыбыз Төрөкул Дооров интернеттеги “Блогдошуу” деген түшүнүк жөнүндө кыргызстандык белгилүү “блогчу” Мирсулжан Намазалиев менен маектешет.

Жаңы маалымат технологияларынын өнүгүшү менен Интернетте адамдар арасында байланышуунун, маалымат алмашуунун жаңы жолдору пайда болууда. Алардын бири – “блогдошуу” – жөнүндө бүгүн биз кыргызстандык белгилүү “блогчу” Мирсулжан Намазалиев менен сүйлөшөбүз. Мирсулжан ушул күндөрү Чехиянын борбор калаасы Прагада блогдошуу боюнча дарстарга катышууда.

Төрөкул Дооров: Мирсулжан, “Азаттыкка” кош келипсиң!

Мирсулжан Намазалиев: Рахмат!

ТД: “Blogging” же “Блогдошуу” деген түшүнүк салыштырмалуу жаңы эле пайда болбодубу. Биздин угармандарга кыскача түшүндүрүп кетсең, блог деген эмне? Кадимки интернет-сайттардагы форумдардан эмнеси менен айырмаланат?

МН: Интенетте сайттардын ар кандай түрлөрү бар. “Блог” дегени – бул ар бир адамга өз-пикирин билдирүүдө мүмкүнчүлүк түзө турган оңой система. Мисалы, ким болбосун, Нарынданбы, башка жерденби, айтор, каерде болбосун, Интернет иштесе эле болду, ошол жерден өзүнө блог ачат да, өзү эмнени кааласа, ошону жаза берет. Муну жекече сайттын бир түрү десем болчудай. Адамдар күнүмдүк баштан кечирген окуяларын күндөлүккө жазып жүрүшөт эмеспи, бул деле ошонун эле бир түрү, болгону блог - Интернетте орун алат. Бирок ал жерде өзүң жөнүндө эле жаза берсең, башкаларга кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан адамдар саясат, экономика, маданиятка тиешелүү темаларда ойлорун жазышат. Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери бул абдан өнүгүп келатат.

ТД: Азыр өзүң айткандай, адамдар жалаң эле өзү жөнүндө эмес, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу жазып жатышканы, бир чети, журналистика менен да окшошуп кетет экен. Ошондуктанбы, айтор, кээ бир адистер муну “жарандык журналистика” деп атап жатышпайбы. Сен бул ойлорго кошуласыңбы?

МН: Албетте, бул “жарандык журналистика” деп эсептелет. Эгерде биз салттык журналистиканы карап көрсөк, адатта, журналисттер макалаларын атайын стандарттар менен жазышат. Алар элдерден, эксперттерден интервьюларды алып туруп, анан өзүнүн макаласын кайра эле элге таркатышат. Ал эми блогчулар болсо, окуяны өзүнүн атынан жазып, журналистикадагы ал стандартты кичине өзгөртүшүүдө. Журналисттер окуя болгон учурда ошол жерде болбой калышы мүмкүн. Мисалы, мен Бишкекте жүрсөм, митинг болуп жатса, аны өзүм кандай көрсөм, ошол көргөнүмдү өзгөртпөй жазып бере алам. Журналистиканын бул түрү АКШда, Жапонияда абдан өнүгүп келатат.

ТД: Ошол эле учурда, блогдошуу өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Малайзияда, Кытайда ага каршы цензура ишке киргизилип, кысым көрсөтүлүп жатканын көрүп жатабыз. Силер, борбор азиялык блогчулар, корпойсуңарбы ушундай практика региондо кайталанышы мүмкүн деп?

МН: Кыргызстанда блогдорго каршы андай “репрессиялык мамиле” жок жана биз ага кубанычтабыз. Ошол эле учурда, азыр Прагада мени менен дарстарга катышып жаткан өзбекстандык, казакстандык, тажикстандык досторум коркуп турушкандай. Өзбекстанда, мисалы, блог-платформалар, аларга орун берчү сайттар жабылып калган. Жергиликтүү эл ал сайттарды ачайын десе, ачылбайт. Ошондуктан аларда блогдошуу жакшы өнүкпөй жатат. Ошол эле учурда, бизде Кыргызстанда сөз эркиндиги бир аз пайда болду. Мен эмнени көрсөм, ошону айта алам. Мисалы, оппозициянын аракеттерине нааразы болсом, аны айтам, бийлик жөнүндө көп айтам. Мунун баары сөз эркиндигинин бар экени үчүн болуп жатат деп ойлойм. Анткен менен блогдун ийгилиги интернет-технологияларынын өнүккөн-өнүкпөгөнү менен да байланыштуу болот. Мисалы, Беларусту диктатор башкарып жатса деле, ал жердеги блогдор азыр украиналык же орусиялык блогдордун деңгээлинде өнүгүп келатышат. Анткени аларда интернетти жакшы колдонушат. Бизде болсо интенетти колдонгондордун саны азыраак болуп жатат азырынча.

ТД: Сенин блогуң орусиялык LiveJournal.com серверинде (http://mirsulzhan.livejournal.com). Кыргызстандын өзүндө да блог-серверлери барбы?

МН: Кыргызстанда да блог-серверлер пайда болуп жатат. Алгачкылардан болуп, http://blog.ez.kg/ деген пайда болгон. Аларда азырынча колдонуучулар анча көп эмес, бирок өнүгүп келатат. Андан сырткары, буга чейин форум болуп келген “Дизелде” (http://diesel.elcat.kg/), жана башкаларында блогдору пайда болду. Бирок булар азырынча өтө популярдуу эмес. Кыргызстанда блог ачуунун оңойлугу - “dial-up” системасы колдонулуп жатканынан деп ойлойм. Анткени интернетте күнү-түнү болбойсуң, киресиң-чыгасың. Серверлер үчүн акча да аз кетет. Биз азыр бул боюнча Прагадагы семинарда да карап жатабыз, балким, Кыргызстандыкын дагы өнүктүрсөк болот.

ТД: Азыр дүйнөлүк блогчулар ошол күндөлүгүнө кирип, жазып жатканы үчүн эле акча да иштеп жатышыптыр. Кыргызстанда да ушундай болушу мүмкүнбү?

МН: Азырынча Кыргызстанда блог аркылуу акча иштөө дегенге көп көңүл бурула элек. Бирок дүйнөлүк системада бул аябай өнүккөн. Мисалы, http://digg.com/ деген бар. Бул азыр дүйнө боюнча поплярдуу болуп кетти. Аларда адамдар канчалык көп кирген сайын, ошончолук акча иштейт, анан көрнөктөрү бар, аларга кимдир-бирөө кирсе, ошого да төлөнүп турат.

ТД: Кадимки сайттардагы эле баннерлерди коюп коюшабы?

МН: Блогдо баннер көп колдонула бербейт. Анткени, биринчиден, алар сайтты ачканга тоскоолдук кылышат. Анын үстүнө, баннер койгондун оордуна, көрнөктөрдү тизмектеп эле койгон блог үчүн жакшы.

ТД: Мирсулжан, өзүң жөнүндө айтып берсең, окуп жатасыңбы, иштеп жатасыңбы?

МН: Мен Бишкек гуманитардык университетинде 3-курста окуйм. Менин адистигим – саясат таануучу. Ошол эле учурда, биз досторум менен биргеликте жаштар уюмун түзгөнбүз. Алгач, “Бирге!” оппозициялык кыймылы болду эле. Кийин эки уюмду бириктирип, “Эркин муун” деген либералдык-жаштар альянсын түзгөнбүз. Азыркы учурда ошол либералдык идеяларды кыргыз жергесине таркатууда иш алып баруудабыз. Биздин негизги багытыбыз – жаштар менен иштешүү. Азыркы учурда “Бишкек жаштар либералдык клубун” ачып жатабыз. Андан сырткары, сайт ачтык, баса, ал жакка да блог кошуп жатабыз...

ТД: Бул эми корпоративдик блог болот турбайбы?

МН: Ооба, ал жакта либералдык баалуулуктарга кызыккан жаштарга орун беребиз. Алар өздөрүнүн ойлорун биздин сайт аркылуу билдире алышат.

ТД: Азыр эми Прагада блогдорду кантип өнүктүрүү боюнча “Транзишн онлайн” (http://www.tol.cz) уюмунда атайын семинарга катышып жатыптырсыңар. Кандай пайдалуу билим ала алдыңар?

МН: Мен Бишкекте жүргөндө “Көп сайттарды билем” деп ойлочумун. Бирок бул жерде аябай кызыктуу нерселерди көрдүк. Мисалы, Америкада “Жастин-ТВ” (http://www.justin-tv.com) деген бар экен да. Жастин деген бала башына видео-камераны байлап алып, дайыма ошол менен жүрөт экен. Ал эмне кылса, ошол көрүнүп турат.

ТД: Анан мунун баары түз эфирдеби?

МН: Ооба, баары түз эфирде, болгондо да, 24 саат бою көрсөтөт. Эгер ал уктап жатса, бөлмөнүн төбөсү, шыбы көрүнүп турат. Жуунган учурда гана чечип коет. Мунун маниси – “азыркы учурда маалыматты таркатуу улам башка форматтарга өтүп жатат” дегенди түшүндүрөт. Эгерде ошол Жастин башына байлап алгандай камералардан бир тобун алып туруп, Ирактагы жөнөкөй элге таркатып берсе, анда мен да, мисалы, Иракта эмне болуп жатканын алардын көзү менен түз ободо Интенеттен көрө алмакмын. Бул – реалити-шоунун эле бир түрүнө окшоп кетет. Мындан башка да кызыктуу идеялар, долбоорлор бар экен. Биз да аларга аябай кызыгып, Кыргызстанга да аларды таркатыш керек деп ойлоп калдык. Бирок, албетте, башкалардын эле идеяларын уурдай бербей, өзүбүз да кызыктуу нерселерди ойлоп табышыбыз керек.

ТД: Мирсулжан, маегиңе чоң рахмат! Иштериңе ийгиликтерди каалайм!

МН: Рахмат!
XS
SM
MD
LG