Косово маселеси боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү болуп дайындалган Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаари түзгөн план боюнча азыр Сербиянын курамына кирген Косово аймагына чектелүү эгемендүүлүк берилүүгө тийиш. Февралда Ахтисаари Косово жана Сербиянын өкүлдөрү менен Вена шаарында акыркы үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн, бирок андан жыйынтык чыккан эмес, Сербия былтыр өз конституциясына өзгөртүү да киргизип, Косовону өлкөнүн ажырагыс бөлүгү катары бекитип алган.
Сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаганы менен, Ахтисаари өз планын Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине 27-мартта тартуулаган жана андан бери уланган талкууда ийгилик жок. Маскөө болсо такай - эгер маселе колго салынса, ал өз укугунан пайдаланып, Косового эгемендүүлүк берүү чечимине вето салаарын билдирип келет.
11-июлда Батыш мамлекеттери Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Сербия менен Косово ортосунда дагы жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады, бирок төрт ай өткөндөн кийин чечим кабыл алынууга тийиш. Маскөө аны дароо сынга алды, анткени сүйлөшүү кайрадан ийгиликсиз аяктаса, Косово баары бир эгемендүүлүккө жетиши мүмкүн:
- Татаал дипломатиялык тил менен жазылган резолюция долбоорунда чечим жатат - 120 күнгө улана турган сүйлөшүүдө тараптар мунасага келбесе дагы, Ахтисааринин планы ишке ашырыла баштайт. Биз болсо - эки тарап тең, Белгард дагы, Приштина дагы макул болгон чечимди гана колдой алабыз. Азырынча андай келишим жетишиле элек",- деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-июлда.
Буга чейин орус жетекчилери - эгер Косового эгемендүүлүк берилсе, Молдованын курамында өз эгемендүүлүгүн жарыялаган Днестр жумурияты жана Грузиянын алкагындагы Абхазия менен Түштүк Осетия дагы дал ошондой жолго түшөөрү бышык деп билдирип келет. Ал тууралуу президент Владимир Путин дагы айткан.
Батыш эксперттери болсо эгер аталган жумурияттардын эгемендүүлүгүн Орусия бир тараптуу тааныса, анда Маскөөнүн өзү үчүн көптөгөн маселе чыгат деп билдирүүдө. Биринчиден, ошондой эле жолду анда Чеченстан же Татарстан сыяктуу жумурияттар тандашы мүмкүн. Экинчиден, Тоолуу Карабак маселеси боюнча Маскөө кайсы бир тарапты ачык колдоп чыкса, сөзсүз башка тарап менен болгон мамилесин бузуп алат. Косово маселеси болсо эң жогорку деңгээлде, Бириккен Улуттар аркылуу чечилип жатат.
Орус саясатчыларынын пикиринде, Косово маселесинде азыр Орусиянын кайрадан дүйнөлүк дөөлөт болгон-болбогону чечилүүдө. Президент Борис Ельциндин учурунда Маскөө Батыштын айтканынын баарына макул болуп келгени менен, андай кызматташуудан көп деле пайда тапкан жок жана азыркы талашта көп нерсе чечилүүдө.
Европа саясатчыларынын айтымында болсо, европалык маселелерди чечүүгө Орусия мынчалык катуу кийлигишпеш керек жана Ахтисаари 12-июлда билдиргенге караганда, Маскөөнүн каршылыгы анын өзүнүн эл аралык кадырын түшүрөт. Лавров андай пикирге 13-июлда дароо жооп берип, Маскөөнүн мындай принципиалдуу турумунан кимдир бирөөнүн кадыры түшсө дагы, Орусияныкы түшпөйт деп айтты.