Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

АЛАМҮДҮН РАЙОНУНА КАРАШТУУ МЫЙЗАМСЫЗ БАСЫЛГАН ЖЕРДИ БӨЛҮП АЛЫШТЫ


Жазгул Жамангулова, Чүй Аламүдүн районуна караштуу беш гектар жерди мыйзамсыз басып алышкан Лесхоз айылынын тургундары жерди өздөрү билгендей бөлүшүп алышты. Бирок Аламүдүн районунун акими бул аракеттер мыйзамсыз экенин белгилеп, эгер пайдубалдар түптөлсө кайрадан бузулаарын «Азаттыкка» билдирди.

Маевка айыл өкмөтүнүн Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан беш гектар жерди басып алышкан. Бул аралыкта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер басып алуучуларга бир да ирээт жолуккан жок. Өткөн уктурууларда Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов болсо аталган жер ким бирөөнүн менчиги экендигин айткан болчу. Ал эми жер басып алуучулар «жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерди өзүм билемдикке салып сатып, бизнеске айлантып жатат. Алардын мыйзамсыз аракеттерин карап олтуруп чарчап бүттүк. Балдарыбыз чоңоюп, турак жай маселеси көйгөйдү жараткандыктан, биз мыйзамсыз болсо да жерди басып алдык»,- деген пикирлерин билдирүүдө.

Абдыкасым Амираев:- Биз он күндөн бери аталган жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн күттүк. Өзүбүз да бир нече тиешелүү тараптарга кайрылдык, жарытылуу жооп жок. Бийликтегилер өздөрү мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Бул беш гектарга чукул аңыз Лесхоз айылына тиешелүү. Аны менчикке берүүгө эч кимдин акысы жок.

Капар: - Биз түз эле беттерине айтабыз. Жергиликтүү бийлик баарын четинен сатып атат. Анткени бизде факты бар. Булар жер сатууну бизнесске айлантып алышты. Минтип олтурса элди ким ойлонот? Биздин айылдын жайт жери жок. Балдарыбыз чоңоюп атат, биз кичинекей жердин каягына батабыз? Деги эле бизге көңүл буруп койгон эч ким жок. Акыры айлабыз түгөнгөндө мыйзамсыз басып алууга туура келди. Эми биз айыл элине жерди бөлөбүз.

Учурда Лесхоз айылынын тургундары мыйзамсыз басып алган жерлерин бөлүштүрүп алышты. Бирок кечээ Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов жер басып алуучулардын маселесин райондук деңгээлде талкууга алды. Бул туурасында аким Саматбек Керимкулов буларды айтты:

- Биз жума күнү бул маселени райондук деңгээлде карадык. Бизди көңүл бурбады деген туура эмес. Мен баары менен таанышмын. Мүмкүн болушунча элдин талабына ылайык чечип берүүгө аракеттенип жатабыз. Бирок азыр алар баштаган курулуштар, пайдубалдар баарыбир түрттүрүлөт. Ушинтип эле жетимиш адам чыгып жер баса берсе болобу. Мен ага жол бербейм.

Ал эми талашты жараткан бул жер Бишкек шаарынын башкы планына да кирип калган.

XS
SM
MD
LG