Вашингтондун ырастоосунда, Чыгыш Европадагы ракетадан коргонуу системасы Иран жана Түндүк Корея сыяктуу кас мамлекеттердин ядролук террор чабуулун алдын алуу максатын көздөйт. Бирок бул планды өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептеген Орусия 14-июлда Европадагы Кадыресе күчтөр келишиминен убактылуу чыгып жаткандыгын жарыялады. Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кисляк НАТОнун чыгышты көздөй экспанциясына жана анын аталган келишимди бузуп жаткандыгына байланыштуу Кремл ушул кадамга барууга аргасыз болгондугун бышыктады.
Ошол эле мезгилде Кисляк Москва диалогдон баш тартпаганын мындайча билдирди:
– Биз диалогго эшигибизди жаап албаганыбызды баса белгилегим келет. Биз өз сунуштарыбызды шериктерибизге көрсөтүп, жол издеп жатабыз. Биз алардан конструктивдүү жооп күтөбүз,- деди ал.
Европадагы Кадыресе күчтөр келишими 1990-жылы ошол кездеги Варшава пактысы менен НАТОнун ортосунда түзүлгөн. Документ ага кол койгон мамлекеттерде жайгаштырылган аскерлер менен кадыресе куралдардын көлөмүн чектейт.
Бирок Кошмо Штаттары жана башка НАТО өлкөлөрү Орусиянын Молдова менен Грузиядан аскерлерин алып кетишин талап кылып, бул келишимге 1999-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдү жактыруудан баш тартып келатышат.
НАТО, Кошмо Штаттары жана айрым европалык өлкөлөр Орусиянын бул келишимден убактылуу чыгып алганына өкүнүчүн билдиришүүдө. Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Витолд Васчиковски Ройтерге буларды билдирди:
- Европадагы Кадыресе күчтөр боюнча келишим Кансыз Согуштун аягында түзүлгөн кырдаалдын түп негизи болуп саналат. Ошондуктан, биз бул келишимди өзгөртүүлөрү менен кошо сактап калууну каалайбыз. Биз өзүбүз бул келишимден чыккыбыз келбейт, Орусиянын да андан чыгышын каалабайбыз.
Лех Качинскийдин Жорж Буш менен дүйшөмбүдөгү кездешүүсү Польшада июнь айында башталган сүйлөшүүнүн уландысы болуп калмакчы. Жолугушууда Ирактагы АКШ баштаган көп улуттуу күчтөргө Польшанын аскер кошушу да талкууланат деп күтүлүүдө.