21-июлда баштала турган фестивал Нарын облусундагы орто кылымда курулган “Таш-Рабат” караван саравайында өтөт деп болжолдонууда. Фестивалга келгендер “бешикке салуу”, “тушоо кесүү”, “сеп берүү”, “кыз узатуу” сыяктуу улуттук салт, ырым-жырымдарга күбө боло алат. Мындан сырткары каалоочулар Чатыр көл жана караван-сарайда болуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бул иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз туризм ассоциациясы. (ZMa)