Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

БАТЫШ ОРУСИЯНЫН КАРШЫЛЫГЫНА КАРАБАЙ АРАКЕТТЕНЕ БАШТАДЫ

Нарын АЙЫП, Прага Литвиненкону өлтүргөн деп күнөөлөнгөн орус жараны Луговойду Орусия Британияга кармап бербегени менен байланыштуу Маскөө менен Лондон ортосундагы мамилелер курчуп баратат. Аны менен катар Европа Биримдиги жана АКШ менен дагы Орусиянын мамилеси акыркы мезгилде өтө жакшы эмес.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Миллибанд 16-июлда парламентте чыгып сүйлөп, былтыр ноябрда Лондон шаарында британ жараны Александр Литвиненкону өлтүргөн деп шектелген орус жараны Андрей Луговойду Маскөө кармап берүүдөн баш тарткандыктан, төрт орусиялык дипломат Британиядан чыгарылып, орусиялык расми адамдарга виза берүү чектелет деп жарыялады. Орус саясатчылары менен маалымат каражаттары - биз жөн гана өз конституциябызды аткарып жатабыз, анда болсо - Орусия жарандары чет мамлекетте соттолуу үчүн берилбейт деп жазылган деп айтууда.

Ал эми Миллибанд - террорчулар менен күрөшүү үчүн айрым мамлекеттер өз констиуцияларына өзгөртүү да киргизип жатат деп, мисалга Алманияны келтирди. Анын айтымында, Европанын талаптарын аткарбаган Орусияга каршы Европа Биримдиги бирдиктүү чара көрүшү үчүн Лондон шарт түзүүгө аракеттенет.

Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы кызматташуу келшиминин мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт, аны жаңылантууга мурда Польша каршы чыгып келген, бирок эми бул багытта жаңы маселелер чыгышы мүмкүн. 17-июлда Европа Биримдиги менен АКШ биригип, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Косово маселеси боюнча жаңы резолюциянын долбоорун киргизди.

Маскөө болсо аны талкуулагандан да баш тарткан, тышкы иштер министри Сергей Лавров - Батыш кандай болгон жол менен дагы Косового эгемендүүлүк берүүгө аракеттенип жатат, бирок сербдердин макулдугусуз анткен болбойт деп билдирген. Аны менен катар Косово маселесин Европа Биримдиги Бириккен Улуттарсыз чечүү аракеттерин дагы көрүүдө.

Маскөөгө каршы Лондон көрө баштаган чараларга орус өкмөтү азырынча катуу жооп бере элек, Британиядагы орус элчиси Юрий Федотовдун айтымында, жооп сөзсүз жасалат, бирок шашып кереги жок.

Белгилүү орусиялык укук коргоочу Светлана Ганнушкинанын айтымында болсо, Луговойду Британияга кармап берсе деле болмок, анткени конституцияга карабай, Маскөө мурда ошондой кылган мисалдар бар: "Бир кишини өлтүрүү иши менен кошо көптөгөн башка адамдардын өмүрүнө дагы коркунуч түзүлгөн. Мындай кылмышты жөн калтырбаш керек. Керек болсо орус адвокаттары Луговойду сотто эркин коргой алат, бирок ал ушундай кылмыштан шектелип жаткандыктан, аны, менин оюмча, өткөрүп бериш керек", - дейт Ганнушкина.

Луговой менен байланышкан маселе эки мамлекет ортосундагы биринчи чатак эмес. Британияда баш калка алып, Лондондо жашаган Борис Березовский жана Ахмед Закаевди Маскөө көптөн бери кармап берүүнү талап кылып келет, бирок британ эксперттеринин айтымында, алардын иши саясий себептен башталган куугунтуктоого окшош.

Луговойдун Литвиненкону Лондондо өлтүргөнүнүн болсо, алардын айтымында, саясатка тийешеси жок. Андан тышкары, аны менен байланыштуу Британия менен Алманияда жүздөгөн башка бейкүнөө адам радиацияга чалдыккан жана айрым эксперттер бул ишти - өзөктүк затты пайдалануу менен жасалган биринчи террор аракети деп да атай баштады.
Куржундар
XS
SM
MD
LG