Ирактын Тышкы иштер министри Хошияр Зебари кабарлаганга караганда, Иракта коопсуздукту камсыз кылуу боюнча АКШ менен Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр эртең кайра улантылат. Анын айтымында эки өлкөнүн Ирактагы элчилери бүгүн Багдадда жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы май айында өткөн эле.