Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

ООГАНСТАНДА БАРЫМТАГА АЛЫНГАН ТҮШТҮК КОРЕЯЛЫК ЖАРАНДАРДЫН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА


Нарын АЙЫП, Прага 19-июлда Ооганстанда барымтага алынган жыйырмадан ашык түштүк кореялык жарандын тагдыры дагы эле коркунучта. Талибдер аларды дүйшөмбү күнү кечинде өлтүрөбүз деп эскерткен, бирок кийин ультиматумдун мөөнөтүн дагы бир күнгө узартты.

19-июлда Ооганстандын Газни провинциясында Түштүк Кореядан келген 23 адам барымтага алынып кеткен. Алар христиан кайрымдуулук уюмунун мүчөлөрү, баары Ооганстанга өз ыктыяры менен келген жана Кандагардан Кабулга автобус менен баратканда туткунга алынган.

Кийин Талибандын өкүлү билдиргенге караганда, эгер Түштүк Кореядан Ооганстанга келип, эл аралык күчтөрдүн катарында аракеттенген 200 аскер өлкөдөн чыгарылып кетпесе, туткундагылар жекшемби күнү кечинде өлтүрүлмөк.

Түштүк Кореянын жетекчилиги өз аскерлерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгарып кете турганын билдирген жаны өкмөт аны акыркы күндөрдө дагы бир жолу тастыктады. Ооган жетекчилиги болсо, туткунга түшкөндөрдү бошотуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирүүдө, бирок ал үчүн күч колдонулбайт: "Эч кандай аскерий операция жүргүзүлгөн жок. Анткен менен биз бүткүл мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, согушчандар туткунга алган түштүк кореялык жарандарды бошотуу үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз. Биз аларды аман бошотууга аракеттенүүдөбүз жана биздин аракеттер ийгиликке алып келиш керек", - деди Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Абдул Хади Халед 23-июлда эртең менен.

Бирок, анын айтымында, талибдер өз талаптарын улам өзгөртүп жаткандыктан, алар чындыгында эмне каалаганы так белгисиз, ошондуктан кошумча кыйынчылыктар пайда болууда: "Тилекке каршы, алар бизге өз талаптарын так айта албай жатат, алардын өздөрү үчүн ыңгайлуу боло турган план эмгиче жок", - дейт Халед.

Алгач Талибандын бир өкүлү - өкмөт тарабынан кармалып, абакта жаткан 23 талибди бошотууну талап кылган. Кийин алардын башка өкүлү - түштүк кореялык аскерлердин Ооганстандан чыгарылып кетишин талап кыла баштады.

Өкмөттүк аскерлер - туткундар кармалган деп эсептелген аймакты курчоого алды жана согушкерлер менен сүйлөшүү жүргүзө баштады. Натыйжада талибдер - туткундагыларды өлтүрөбүз деген мөөнөттү 23-июлдагы кечки саат жетиге чейин, андан соң аны 24-июлдагы кечки саат жетиге чейин жылдырды.

Министрдин орун басары Халеддин айтымында, 18-июлда Вардак провинциясында барымтага алынган эки немис инженеринин биринин денеси 22-июлда эртең менен табылды жана ал - жүрөгү токтоп калгандыктан өлгөн сыяктуу. Талибдердин өздөрүнүн айтымында, Алмания алардын талабын аткарбагандыктан, алар эки немисти өлтүрүп салган, бирок Халеддин билдиргенине караганда, экинчи немис инженер азырынча тирүү деген маалыматтар бар. Алар менен кошо туткунга түшкөн беш ооган жараны жөнүндө болсо маалыматтар дээрлик жок.

Алмания Ооганстанга үч миңдей аскер жиберген жана канцлер Ангела Меркелдин өкмөтүнүн айтымында, террорчулардын талаптарын аткарууга Берлин эч кандай шартта барбайт, бирок туткунга түшкөндөрдү бошотуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG