Ирандын уран байытуу иштерин жана анын башка өзөктүк программаларын токтотууну талап кылып, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши өткөн жылдын 23-декабрында биринчи, андан соң үстүбүздөгү жылдын 24-мартында экинчи резолюция кабыл алган. Батыш мамлекеттери азыр үчүнчү резолюция даярдап жатат жана ал алда канча катуу болушу мүмкүн.
Талкуу сентябрда өтөөрү күтүлүүдө, бирок президент Махмуд Ахмадинежад 25-июлда кечинде улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Иран эч качан өзүнүн өзөктүк программаларынан баш тартпайт, Бириккен Улуттардын резолюциялары болсо мыйзамсыз деп билдирди: "Коопсуздук Кеңеши 300-, 299-резолюцияны, андан соң дагы башка чечимдерди кабыл ала берет, бирок андан эмне чыгат? Иран өзөктүк дөөлөткө айланып баратканын унутпагыла. Коопсуздук Кеңеши болсо мыйзамсыз чечим кабыл алды жана аны жокко чыгарууга тийиш. Алардын эч мааниси жок, алар адилетсиз. Эгер алар биздин ишти токтотсо, анда сүйлөшө тургандай эч нерсе калбайт", - деп билдирди президент.
Анткен менен 24-июлда Тегеран - өлкөнүн өзөктүк ишканаларына эл аралык текшерүүчүлөрдүн келишине макул болду жана Өзөктүк кубат боюнча агенттиктин эки инспектору 26-июлда Иранга келип, Натанз шаарындагы уран байытуучу ишкананы текшере баштады. Тегерандын айтымында, анын программалары аскерий максатты көздөбөйт, ошондуктан ал - Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимди бузган жок.
Бирок эгер Батыш жана өзгөчө АКШ тарабынан Иранга каршы басым дагы улантылса жана өлкөгө каршы үчүнчү резолюция кабыл алынса, анда Тегеран - ал Келишимден чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн дагы караштырышы ыктымал. Ал тууралуу билдирүү 24-июлда жасалды. Британиянын "Гардиан" гезити 25-июлда жазганга караганда, аны менен Иран Түндүк Кореянын жолун жолдошу мүмкүн. Пхеньян дагы 2003-жылы ал Келишимден чыгып кетип, былтыр өзүнүн биринчи атом бомбаларын сынады жана Батыш эми аны менен келишим түзүүгө аргасыз болууда.
Ошол эле 24-июлда Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани дагы атайын билдирүү жасап, өлкөнүн өзөктүк программалары боюнча толук маалыматты Тегеран жакында коомчулукка тартуулай турганы жөнүндө жарыялады.
Иран жашыруун түрдө акыркы 18 жыл бою өзөктүк изилдөө жүргүзүп келгени 2003-жылы ачыкка чыккан жана ошол эле жылдын аягында Тегеран - Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кол коюуга аргасыз болгон. Анын шарттарына ылайык, эл аралык инспекторлор качан болбосун өлкөгө келип, анын өзөктүк ишканаларын текшерүүгө укуктуу.
Ошол эле 2003-жылдын июнунда кошуна Израил АКШ менен атайын келишим түзүп, жердин алдында жайгашкан ишканаларды жок кыла алган атайын бомбаларды сатып алган. Айрым эксперттердин пикиринде, аны менен Израил - Ирандын өзөктүк ишканаларын бомбалап жок кылууга даярданууда. Иранга каршы АКШ дагы аскерий сокку урушу мүмкүн деген сөздөр айтылууда.