Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

18:00 Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Акталаанын айрым айылдарын кыян каптады


НАРЫН. Мындай маалымат Акталаа районунун акими Алмаз Кулматовдон алынды. 23-июлда нөөшөрлөп жааган жамгырдан улам Акчий, Жаңытилек айылдарын кыян каптады. Айыл чарба, транспорт жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен сүйлөштүк, жардам беребиз деп атышат. Эртерээк берсе жакшы болот эле. Сегиз көпүрө, 310 тонна цемент, бул МЧСтин комиссиясынын заключениеси менен керек болуп атат, 490 метр квадрат айнек, 3400 шифер, 100 метр куб жыгач материалды эки айылга керек, - дейт Акталаа районунун акими Алмаз Кулматов. Анча чоң эмес кыяндар Нарын районунун айрым айылдарына да зыян келтирген. (JI)

 

XS
SM
MD
LG