Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

13:23 «Жантай хан» бирикмеси массалык акцияга чыгууну болжоодо


Бүгүн «АКИпресс» агенттигинде уютурулган маалымат жыйынында коомдук уюмдун лидери Төрөкан Алимов үй куруу үчүн жер аянттары мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатат жана ага шаардык бийлик жол берип жатат деп билдирди. Үй куруучулардын башын бириктирген уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, шаар бийлиги Бишкектин күн чыгышындагы «Монте Карло» оюн-зоок борборунун аймагындагы 45 гектар жерди сатып жиберди. Ошол эле учурда шаар бийлиги жөнөкөй жарандарга бул жер жеке курулуш үчүн сатылбайт деп билдирген дешти нааразы тарап. Талаптары аткарылбаса, үй куруучулардын «Жантай хан» уюму нааразылык акцияларын уюштуруу аркылуу бийликтин көңүлүн буруу ою бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG