2006-жылдын жазында жер көчкүдөн жапа чегип, Карасуу районунун Дангар кыштагынан Алимтөбө аймагына мажбурланып көчүрүлгөн 21 үй-бүлө мүчөлөрү Ош облустук мамлекеттик администрациясынын астында нааразылык акциясына чыгышты. Алар үйлөрүн кыш киргиче бүткөрүү үчүн 200 миң сомдон ссуда токтоосуз берилишин талап кылып, ал аткарылбаса аргасыз кадамдарга барышарын айтышууда. Ош облус губернаторунун орунбасары Болот Бүргөевдин топтолгондорду таратуу аракети текке кетти. Курулуш жана архитектура агенттигине караштуу жарандык турак жай департаментинин директору Мамыр Жээнбеков менен байланышканыбызда, табият кырсыгынан жабыр таркан даңгарлыктардын ар бирине былтыр 50 миң сомдон ссуда бөлүнгөндүгүн, быйыл калган 150 миң сомду өкмөттөн сурап кайрылышкандыгын маалымдады. Каржы министринин орунбасары Канат Асанкулов Турак жай департаменти кырсыктан жапа чеккендерге ссуда үчүн жалпысы 56 млн. сом сурагандыгын ырастап, бирок мынча каражат казынада жок экендигин кыйытты. Облустук Акүйдүн астында тургандар саат экиде тарап, эртең Бишкекти карай аттанып, каржы министри Жапаровго жолугушаарын билдиришти. (АТ)
18:48 Карасуу районунда табигый кырсыктан жабыркаган тургундар нааразылык акциясына чыгышты