Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

АЙЫКПАС ДАРТТЫН АРААНЫ АЧЫЛУУДА


Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өтүп, анда Ноокат районунда дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ инфекциясынын тарашы талкууга алынды. Министр Туйгунаалы Абдыраимовдун маалыматында, Ноокаттагы бул окуяны прокуратура органдары териштире баштады, ал эми мындайга жол берген айрым дарыгерлер иштеринен бошоду.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Туйгуналы Абдраимовдун маалымдашынча, ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган наристе Ноокаттагы аймактык ооруканада, андан соң Оштогу балдар ооруканасында дарыланган.

- Анан оор болуп жакшы боло албагандан кийин Бишкекке алып келишкен. Бишкектен ал баланы биз тапкандан кийин комиссия жибертип 761 кишини текшертип, дагы 7 бала таап жатпайбызбы. Ошо маалда Оштогу балдар ооруканасында жаткан балдардын баарын текшертип бүтүп калдык. Ошол 761 бала бир маалда ошол бөлүмдө жаткан.

Т.Абдраимов Ош облусунда жугуштуу дарттын жайылып кетүү коркунучу күчтүү экенин эскертип, республиканын саламаттык сактоо министрлиги мындан эки жыл илгери ал жерде көчмө жыйындар өткөрүп, тийиштүү жетекчилерди милдеттендиргенин маалымдады. Бирок да эки жыйындын чечими аткарылбай, андан натыйжа чыккан эмес.

- Ал тургай ошол ооруканадагы ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган медсестраны жумуштан кетирбей койгон. ВИЧ-инфекция жуктурган медсестра ошол бөлүмдө иштей берген, уколдорду жасай берген. Ошон үчүн бул барганда биз баарын карап чыгып төрт башкы дарыгерди кызматынан бошоттук.

ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган балдардын төртөө Ноокаттагы аймактык оорукананын балдар бөлүмүндө, үчөө Оштогу балдар ооруканасында дарыланышкан. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Сагыналы Маматов ВИЧ-инфекция жуктуруп алган наристелердин саны жыл санап көбөйүп баратканын айтты.

- 2005-жылы 6 бала чыккан. 2006-жылы дагы 6 бала чыгып жатат. Анын ичинен экөөсү оорукананын ичинде жуктурган деп коюлган. Ошондо да эпидемиологиялык иликтөө болгон. Бирок анын жыйынтыгы таза чыккан. Мүмкүн оондон бери инфекция жайылып кеткендир. Анын чыккан жерин табыш өтө кыйын. Бир баңгичи ооуканага жатып ошол инфекцияны таратуучу болуп калышы деле мүмкүн.

Республикалык СПИД борборунун мурдагы жетекчиси Борис Шапиро ак халатчандардын адамды айран калтыра турган кайдыгерлигинин айынан болуп жаткан бул иште өзүн да күнөөлүү сезип жатканын жашырган жок.

- Биз өзүбүздүн медиктерди жакшы үйрөтө алган жокпуз. Жалаң эле ак халатчандарды эмес, урматтуу журналисттер, сиздерди деле көндүрө албадык. Экен-токондо бул темага кайрылбай, күн сайын такай чагылдырып турушуңар керек. Мен азыр өсүп келаткан жаңы муунду сактанууга үйрөтпөй жатканыбызга көп кабатыр болом.

Вич-инфекциясын жуктуруп алган наристелер ушу тапта алдын-ала дарылоодон өтүп, өз ишине шалакы мамиле жасаган дарылоо мекемелеринин жетекчилери кызматтан алынды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Туйгунаалы Абдраимов Ноокаттагы эпидемиологиялык иликтөөнүн материалдары тергөө органдарына берилгендигин, укуктук бааны алар берише тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG