Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

УРМАТ АКУНОВ: БИРИККЕН ФРОНТКО ДА, БАКИЕВГЕ ДА НААРАЗЫБЫЗ


2-августта Нарын шаардык сотунда маркум Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча сот иши каралмакчы. Быйыл апрелдеги митингдерде катышкан Бектемир Акунов 15-апрель күнү Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын абагында сырдуу жагдайда каза болгон эле. Кийин бул боюнча мамлекеттик комиссия изилдөө жүргүзө баштаган. Маркумдун уулу Урмат Акунов “Азаттык” менен түз байланышта бир катар суроолорго жооп берди.

- 2-августта сот иши карала баштайт. Чындыкты угабыз деп ойлойсузбу?

- Бул боюнча биз башынан эле көп интервьюларды берип келдик. Атамдын өлүмү боюнча тергөө иштери аяктап, сотко барган экен. Бирок 2-августта сотто 316-берене (шалаакылык) менен гана алып барды. Буга толук канаттанбай, тергөөгө нааразылыгыбызды билдирип атабыз. Атамдын өлүмү кимге кызыкдар болгону дагы эле жабык бойдон калып атат.

- Анда алдыдагы сот ишинен эмнени күтүп атасыз сиз?

- Бул сот ишинде жумушка шалаакылык кылган деп эки милиция кызматкери Бердиев Бакыт, Болот Жунушбаевди жоопко тартып атышат.

- Сиздин атаңыз апрелдеги митингдерде активдүү катышып келгени белгилүү. Ачкачылык жарыялагандардын да бири болчу. Ошол митингди уюштуруп чыккан оппозициялык Бириккен фронт жана анын башында турган Феликс Кулов тарабынан азыр сиздерге кандайдыр бир колдоо болуп жатабы?

- Бул жакшы суроо болду. Бириккен фронттун жетекчилеринен эч кандай колдоолор, жардамдар, биз силер мененбиз деген ой-пикирлери эч кимисинен келген жок. Биз Бириккен фронтко нааразыбыз. Ошондой эле азыр эч ким менен кабарлашкан жокпуз, биз азыр карапайым эл менен гана турабыз.

- Анда сиздин атаңыз Бириккен фронт менен биргеликте эмне үчүн күрөшкөн деп ойлойсуз апрель митингдери учурунда?

- Атабыздын окуясын мен уктум, териштирдим, бул боюнча эл менен жолуктум. Атам ачкачылыкта отурганда болгону эки гана нааразылыгын өкмөткө билдириптир. Биринчи нааразылыгы - Торугарт-Бишкек жолунун абалы начарлап кеткени тууралуу өкмөткө арыз жазыптыр, экинчиси - пенсияны, жаш балдар пособиесин кыркканы үчүн өкмөткө нааразылыгын билдириптир атам. Ачкачылык акциясында отурганда бозүйдөгү чогуу отурган адамдар ушуну көрсөтүп айтып беришти.

- Урмат мырза, сиз азыр айттыңыз тергөө иштерине канааттанбай жатабыз деп. Мындан аркы аракетиңиздер кандай болот?

- Мындан аркы аракетибиз, соттон кийин эгер чаралар көрүлбөсө биз ШКУнун убактысына чейин бийликке болгон нааразычылыгыбызды билдирип, акция уюштурабыз го деген ойдо турабыз. Апабыз, бөбөктөрүбүз, бир туугандарыбыз чогулуп Бакиевге нааразычылыгыбызды билдиребиз ШКУнун астында.

- Сиз өзүңүз атаңыздын өлүмүнө ким күнөөлү деп ойлойсуз?

- Бардыңыздар билгендей саясий оюн болуп калды. Мен бийликке эмне керек эле деп да ойлоп кетем. Менде шек санаа болуп атат: милиция органдары оппозицияга иштеп берген өңдүү да болуп атат, оппозицияга курал катары колдонгондой.

- Маегиңизге чоң ырахмат.


Сүрөттө: Милиция абагында сырдуу жагдайда каза болгон Бектемир Акунов (сол жактагыcы).

XS
SM
MD
LG