«Токтогул ГЭСтеринин жана жогорку кубаттагы улуттук электр өткөргүч зымдарынын каскадынын өзгөчө макамына" өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү» бул мыйзамды парламент узак мөөнөттүү талаш-тартыштан кийин жайкы эс алууга кетер алдында президенттин катышуусунда кабыл алган. Президент бүгүн кол койгон мыйзамга берилген түшүндүрмөгө караганда, курулуп бүтө элек Камбарата 1 жана Камбарата 2 ГЭСтеринен башка ишканалар Жогорку Кеңештин уруксатысыз кыйыр жана тикелей менчиктештирүүгө уруксат берилбейт. Камбарата ГЭСтеринин курулушу башка мыйзам менен аныкталат. Ал эми мыйзамдагы Бишкек ТЭЦин менчиктештирүү Жогорку Кеңештин макулдугу аркылуу ишке ашат. (BuS)