Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кечээ өз кызын сатып жаткан учурда 25-жаштагы Көкжар жаңы конушунун тургуну кармалды. Ал эки айлык кызын 20 миң сомго сатып жиберүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)