Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 2007-2008-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата республиканын экономикалык тармагынын даярдыгын жыйынтыктап, буга байланыштуу жарлыкка кол койду. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу администрациялары тарабынан отун-кубат комплекстерин даярдыкка келтирүү тууралуу бир катар иш-чаралар аткарылды. Алдын ала көрүлгөн чаралардан улам республиканын бардык аймагы кыш мезгилине толук даяр деп баалады А. Атамбаев. Ошону менен бирге айрым электркубат компанияларында иш аксап жатканы дагы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)