Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган каналдын башкы директору Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында, учурда бул үчүн бардык даярдыктар көрүлүп жатат. “ШКУнун саммитине чейин он күндүн ичинде Нарын, Талас жана башка облустарга күчтүү атайын таркатуучу аппараттар орнотулат. Бул болсо сапаттуу берүүнү камсыз кылып, бизге мындан дагы көп көрөрмандарды тартуу мүмкүнчүлүгүн берет”,-дейт К. Кошалиев. Жаңы жабдуу Украинадан сатылып алынган. “Эл ТР” коомдук каналында ушул тапта бир жүз кырк кызматкер иштейт. Өткөн жылы каналды каржылоого бюджеттен 25 миллион сом бөлүнсө, бул жылы 39 миллион сом бөлүнгөн. “Эл ТР” каналы “Интерньюс”, ЕККУ, “Голос Америки” өңдүү эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет. (ZMa)